www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Германиянын канцлери Ангела Меркель 2021-жылдын январь айында АКШнын президенти катары биринчи сүйлөшүүлөрдү өткөрүүнү каалаган Джо Байдендин телефон чалуусун четке каккан, деп жазат Wall Street Journal.

Январда Ак үйгө көчкөндөн кийин, Байден биринчи ирет чет элдик лидер Ангела Меркел менен сүйлөшүүнү каалаган. Муну менен Американын жаңы лидери мурунку президент Дональд Трамптын доорунун туруксуздугунан кийин трансатлантикалык стабилдүүлүктүн кайтып келгенин билдиргиси келген. Бирок, Меркел Байден менен кызматка киришкенден кийин сүйлөшүүдөн баш тартты.

«Германиянын канцлеринин башка пландары бар болчу. Ал жума күнү түштөн кийин чалууга жооп берүүдөн баш тарткан. Анткени ал Берлиндин сыртындагы өзүнүн коттеджине кетүүгө аргасыз болгон», - деп WSJ кеңешчилерине таянып жазат. Бирок, алар кайсы тараптын өкүлдөрүн көрсөтүшкөн эмес.

Меркель америкалык тараптын символикалык жаңсоолорун орунсуз деп эсептеп, өз командасынан диалог үчүн башка күндү белгилөөнү суранып, натыйжада ал дүйшөмбү күнү, 25-январда сүйлөшүшкөн. Ошентип, Байдендин президенттик кызматтагы биринчи маектеши 23-январда Канаданын премьер-министри Жастин Трюдо болгон.

Эске салсак, Джо Байден 2021-жылдын 20-январында АКШнын 46-президенти болуп шайланган. Америка лидери катары биринчи сөзүндө ал өзүнүн шайланышы жеке талапкер үчүн эмес, демократиянын өзү үчүн болгонун белгилеген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости