www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Словакияда 13 кыргызстандык кулчулукка кабылды

Кыргызстандыктар Словакияда эмгек кулчулугуна түшкөнүн билдиришти. Алар кайрылуусун Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытовго жана акыйкатчы Токон Мамытовго жөнөтүштү. Буга байланыштуу Тышкы иштер министрлиги өзүнүн комментарийин таратты. Тышкы иштер министрлигинин Тышкы миграция департаментинин Маалыматтык-консультативдик борборунан алынган маалымат боюнча, Словакияга иштөө үчүн кыргызстандыктарды «Эдвайс Кей Джи» ЖЧКсы жөнөткөн.  2021-жылдын башында компания Кыргыз Республикасынын 13 жаранын Словакияга жөнөткөн, виза Казакстандын Нур-Султан шаарында алынган.

«Транспорттук компания жана эмгек шарттары тууралуу бардык маалыматтар жарандарга кызмат көрсөтүү боюнча келишим түзүлгөнгө чейин түшүндүрүлгөн. 2020-жылы виза алууга бир нече аракеттер болгон, бирок, COVID-19 пандемиясынан улам, виза 2021-жылдын январь жана февраль айларында алынган жана жарандар Словакияга эки топ менен жөнөтүлгөн. 2021-жылдын 22-сентябрында «Эдвайс Кей Джи» ЖЧКсынын директору А.Нишанов Словакияга иш берүүчүлөр менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү жана кырдаалды жөнгө салуу үчүн Кыргыз Республикасынын жарандары менен жолугушууга учуп кеткен», — деп айтылат ТИМдин маалыматында.

Бул маселе Кыргызстандын Австриядагы элчилигинин көзөмөлүндө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости