www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Абдикарим Алимбаев:

Бүгүн, 13-апрелде саат 11:00дө Баткендин Жаңы-Жер айылында кыргыз жана тажик тараптын ортосунда жолугушуу өтөт. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев билдирди.

Анын айтымында, кечээ, 13-апрелде түнкү саат 3:00дөр чамасында тажик тарап менен жолугушуу болгон.

"Анда чек арадагы окуя эмне себептен чыкканын тактоо жана биргеликте иликтөө жүргүзүүнү сүйлөштүк. Ошондой эле эки тараптын аскер техникаларын чыгарып кетүү жана Исфара-Арка жолунда кыргыз-тажик милиция кызматкерлеринин күзөт кылуусун макулдаштык. Мындан сырткары, саат 11:00дө Жаңы-Жер айылында тажик тарап менен жолугушуу өткөрөбүз", - дейт ал.

Алимбаев Баткен жана Исфара районунун акимдери ортосунда жолугушуу пландалып жатканын кошумчалады.

"Жалпысынан кырдаал тынч", - деди Алимбаев.

Эске салсак, 12-апрелде тажик чек арачылары кыргыз чек арачыларынын эскертүүсүнө карабай Кыргызстандын аймагына кирип, жыйынтыгында ок атышуу болгон. Бирок эки тараптын чек ара өкүлдөрүнүн сүйлөшүүсүнөн кийин атышуу токтотулганы, кырдаал туруктуу экени айтылган. Кийинчерээк кайрадан атышуу болуп, тажик тарап Кыргызстандын Достук айылын миномёт менен аткылай баштаганы кабарланган.

Тажик тарап кыргыз айылын миномёт менен атуусун токтотуп, андан соң Баткен районунун Радар-1 жеринде турган Кыргызстандын чек арачыларына ок чыгара баштаган.

13-апрелге караган түнү Лейлек районуна караштуу Кыргыз-Встреч аймагында кыргыз-тажик чек арасындагы абал талкууланып, тараптар чатак чыккан жерден кошумча каражаттарын ала баштаган. Чек арага жакын жайгашкан айылдын эли өз унаалары менен үйлөрүн таштап кетип жатканы да айтылган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости