www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз-тажик чек арасындагы ок атышуудан 19 миңге жакын адам өз үйлөрүн таштап кетишкен.
Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан улам Лейлектен 554, Баткен районунан 154 адам эвакуацияланып мындан тышкары 17миң 779 адам коопсуз аймактарда жашаган туугандарыныкына убактылуу жашап туруу үчүн өз алдынча жашаган жерлеринен чыгып кетишкен.
Чек арага жакын Достук, Борбордук, Арка, Жаштык, Максат айылдарынын тургундары Маркун жана Бешкент айылдарына жайгаштырылган. Ал эми Интернационал, Кулунду, Раззаков, Ак-Арык жана Булак-Башы айлындагылар болсо Раззаков шаарына эвакуацияланган.
Бирок чек арадагы атышуулар токтогондон кийин элүүгө жакын адам кайра эле өз үйлөрүнө келип алышкан.
Эске салсак, 12-апрелде тажик чек арачылары кыргыз чек арачыларынын эскертүүсүнө карабай Кыргызстандын аймагына кирип, жыйынтыгында ок атышуу болгон. Бирок эки тараптын чек ара өкүлдөрүнүн сүйлөшүүсүнөн кийин атышуу токтотулганы, кырдаал туруктуу экени айтылган. Кийинчерээк кайрадан атышуу болуп, тажик тарап Кыргызстандын Достук айылын миномёт менен аткылай баштаганы кабарланган.
Тажик тарап кыргыз айылын миномёт менен атуусун токтотуп, андан соң Баткен районунун Радар-1 жеринде турган Кыргызстандын чек арачыларына ок чыгара баштаган.
13-апрелге караган түнү Лейлек районуна караштуу Кыргыз-Встреч аймагында кыргыз-тажик чек арасындагы абал талкууланып, тараптар чатак чыккан жерден кошумча каражаттарын ала баштаган. Чек арага жакын жайгашкан айылдын эли өз унаалары менен үйлөрүн таштап кетип жатканы да айтылган.
Булак: NazarNews.kg