www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Америка Кошмо Штаттарын дүйнөдөгү туруксуздуктун эң чоң булагы деп эсептесе болот. Мындай тыянакты кытайлык «Жэньминь жибао» гезити чыгарган. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

«Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин АКШ менен НАТО өлкөлөрү түз жана кыйыр кийлигишүү ыкмаларын колдонушкан. Мунун аркасында дүйнө жүзү боюнча уланып жаткан туруксуздук пайда болгон. Кандай гана конфликтке же кагылышууга, чоң-кичине дебей америкалык тарап көп катышат», - деп жазат басылма.

Орусия Украинаны демилитаризациялоо жана демилитаризациялоо боюнча атайын аскердик операция баштагандан бери АКШ Киевди тынымсыз курал-жарак менен камсыздап, Москвага каршы санкцияларды демилгелеп, кайра-кайра тукуруп келет. Расмий Вашингтон карама-каршылыктарды күчөтүү менен өзүнүн глобалдык үстөмдүгүн бекемдөөгө аракет кылып жатканын да кошумчалаган басылма.

Америка Кошмо Штаттары узак убакыттан бери согуштук баш аламандыкты тутандыруу жана мындан өзүнүн пайдасын алуу маселесинде адис болуп саналат, деп корутундулайт «Жэньминь жибао» гезити.

Буга чейин Global Times гезити АКШ Орусиянын Украинадагы атайын операциясынын бүтүшүн каалабай турганын жана деэскалацияны кечеңдетүү үчүн колдон келгендин баарын жасап жатканын билдирген.

Эске салсак, Орусия Украинага каршы согушту 24-февралда баштаган. Путин анын максаты «сегиз жылдан бери Киев режиминин басмырлоосуна, геноцидине кабылып келгендерди коргоо» жана бул үчүн «Украинаны демилитаризация жана денацификация» жасап жана Донбасстагы «жай жашоочулардын канына забын болгондорду» аскер сотуна берип, жоопкерчиликке тартуу пландалып жатат, деп айткан.

Орусия - анын куралдуу күчтөрү аскерий соккуларды Украинанын аскердик инфраструктурасы менен күч түзүмдөрүнө уруп жаткандыгын, жай жарандарга багытталбагандыгын билдирет. Орусиянын колдоосу менен ДЭР жана ЛЭР топтору да өз аракеттерин улантууда. Путин - Украинаны оккупациялоо туурасында кеп жок экенин айтат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости