www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев бүгүн, 15-февралда, Советтик аскерлердин Ооганстандан чыгарылган күнүнө карата кайрылуу жолдоду.
«Урматтуу Ооган согушунун ардагерлери!
Сиздерди Советтик армиянын жоокерлеринин Ооган жергесинен чыгарылгандыгынын 33 жылдыгы менен чын дилимден куттуктаймын!
Сиздердин жалындаган жаш кезиңиздерге туш келген Ооган согушунда, Ата Мекен көрсөткөн ишенимди актап, интернационалдык милдетиңиздерди татыктуу аткарып келдиниздер.
Тилекке каршы, көптөгөн жоокерлер, согушта алган жарааттарынан улам, ден соолугуна байланыштуу мүмкүнчүлүгү чектелип калды. Ошондуктан, сиздердин жасаган эрдигиңиздер үчүн терең таазим этебиз.
Эл-жер үчүн жанын аябаган, чыныгы баатырлар сиздерсиздер, Сиздер менен сыймыктанабыз жана урматыбыз чексиз.
Урматтуу ооган ардагерлери!
Дагы бир ирет майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктайм. Сиздерге сак саламаттык, узак жана бакубат жашоо каалайм. Жергебизде тынчтык, элибизде ынтымак болсун. Өлкөбүз өнүгүп өссүн».
Булак: NazarNews.kg