www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Пакистандын Пенджаб провинциясындагы Ханевал округундагы айылдардын биринде жарандар тобу Куран китебин өрттөдү деп шектелген кишини өлтүрүп салышты. Бул тууралуу өлкөнүн полициясы кабарлады.
Маалыматта айтылгандай, ал 12-февралда ислам дининин ыйык китебин өрттөп жатканын көргөнүн жергиликтүү мечиттин кызматкери тургундарга айтып берген. Жүздөгөн жарандар аны ташбараңга алып, жанчып салышкан.
Чогулгандар окуя болгон жерге барган полиция кызматкерлерине да таш ыргытышкан. Укук коргоо органдары маркумдун сөөгүн алып кетишкен жана иликтөө иштерин башташкан. Кылмышка байланыштуу бир нече адам кармалды.
“Биз мыйзамды өз колуна алып алгандарды айыптайбыз. Соттун өкүмү жок өз алдынча жазалоо аракеттерине мыйзамдын негизинде күрөшөбүз”, - деп жазды инциденттен кийин Пакистандын премьер-министри Имран Хан.
Өкмөт башчынын дин иштери боюнча өкүлү Тахир Ашрафи атайын басма сөз жыйынында каза болгон жарандын жакындары ал “психикалык жактан оорулуу болгонун, 10-15 жылдан бери жасап жаткан нерселерин аңдабай турганын” айтканын билдирди.
Пакистанда кудайга, динге жана Куран китебине акаарат келтиргендер өлүм жазасына тартылат. Бирок коомчулукта ага айыпталган жарандарга карата чабуулдар улам-улам катталып турат. Укук коргоо уюмдары мындай айыптоолор көбүнчө диний азчылыктарды коркутуу үчүн жана жеке өч алуу үчүн колдонулуп келерин коңгуроо кагып келишет.
Булак: NazarNews.kg