www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Орусиянын басып кирүүсүнөн» улам Зеленский менен анын өнөктөштөрү ортосунда чатак чыкты. Бул тууралуу РИА Новости жазды. Украинанын президенти Владимир Зеленский «Слуга народа» фракциясы менен жолукканда Орусия менен гипотетикалык «согуштун» айланасындагы истерияны камчылоодон улам «өнөктөштөр менен болгон чатак» тууралуу айтты, деп жазат Strana.ua өз булагына таянуу менен.
Бирок басылманын маектеши - акыры Киев менен анын союздаштары «бир мамилеге келүүгө жетишти» деп белгиледи. «Президент биздин үч дос өлкөбүз согуш окуясын ырбатып жатканын айтты. Ал фракцияда алар биз менен ойноп жатканын түшүндүрүүгө аракет кылды, бирок биз каршылык көрсөтүп жатабыз», - дейт булак.
Кайсы мамлекеттердин тиешеси бар экени такталган жок. ММКлар украин лидери кесиптештерин «биз качпай турганыбызды үлгү болуп көрсөтүүгө» үндөгөнүн баса белгилешет. «Президенттин сөзү шыктандырды: баарыбыз биргебиз, баары жакшы болот», - деп жазат басылма.
Эске салсак, Киев жана Батыштын саясатчылары соңку айларда Орусия аскердик күчтөрүн Украинанын чек арасына жакын жайгаштырып жатканын айтууда. Бирок алар Кремлдин позициясын кошкон эмес. Аскер күчтөрү өзүнүн аймагында каалагандай жүрө алат, бул эч кимге коркунуч жаратып жана сестентпеши керек.
ТИМдин билдиргенине караганда, «орусиялык агрессия» жөнүндө билдирүүнү чек аралаш региондордо НАТОнун контингентин көбөйтүүгө шылтоо катары колдонуп жатат. Мындай айыптоо күлкү келерлик, ошол эле учурда кооптуу.
Ал арада АКШнын президенти Джозеф Байден НАТО, Батыш өлкөлөрүнүн, Евробиримдиктин лидерлери менен болгон видеоконференцияда Орусиянын Украинага «кирип барышын» 16-февралда болот деп жар салган. Бул туурасында Politico гезити өзүнүн маалымат булактарына таянып билдирген.
Анткен менен европалыктар Байдендин жогоруда айткан датасы жана чатактан четтеп кетүүгө болбой калды дегенине кошулган эмес. Ал эми аткаминерлердин бири ЕБ буга баш койбой тургандыгын билдиргени айтылды.
Материалда «америкалык көптөгөн аткаминерлерге» шилтеме берилгени бекемделип, Вашингтондун союздаштарына Орусия кол салуусу катарлашкан ракеталык соккулар жана кибератакалардын жаралышын айтканын билдирген. Байдендин маектештери америкалык чалгын кызматынын маалыматтарын ишеңкиребей кабылдаганын басылма белгилеген.
Булак: NazarNews.kg