www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн,16-июнда КР Министрлер кабинетинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев жана Тажикстандын Согди облусунун аткаруу бийлигинин төрагасы Ражаббой Ахмадзода жолугушту. Бул тууралуу КР Министрлер кабинетинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди. 

Жолугушуу Баткен районунун Исфара району менен чектешкен аймагында өтүп, анда эки облустун башчылары баштаган район акимдери жана күч түзүмдөрүнүн жетекчилери катышты. Бул жолугушууда 1 жумалык чек арадагы айылдардагы кырдаал такталып, сүйлөшүү жүрдү.

Сүйлөшүүнүн натыйжасында Чек аралаш жайгашкан айылдарда, эл ичинде түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, чагымчыл маалыматтарды таратпоо. Чек арада жаралган бардык маселер боюнча ыкчам түрдө тиешелүү кызматтар жолугушуп, ыкчам түрдө иш аракеттерин жүргүзүү жана чек арадагы айылдарда элдин коопсуздугу жана жашоо шартына шарттарды түзүү маселери каралды.

КР Министрлер кабинетинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев жолугушуу учурунда “Чек ара маселесинде этияттык менен иш аракет жүргүзүү керек. Массалык маалымат каражаттарында жана блогерлердин бир тараптуу жалган маалымат таратып күнөөлөп жаткандыгы боюнча көзөмөлгө алып,андай чагымчыл маалыматтарды токтотуу керек”-деди.

Ошондой эле Тажикстандын Согди облусунунун аткаруу бийлигинин төрагасы Раджаббой Ахмадзода сөз сүйлөп, “Биз бир бирибизге ишеним көрсөтүү менен биргеликте иш аракет жүргүзүүнү жандантуубуз керек” - деп кошумчалады. Андан сырткары ушундай эле эки тараптуу жолугушуу ушул айдын соңку күндөрүнө пландаштырылды.

Эске салсак жума сайын чек арадагы көйгөйлүү делген чектеш айылдарда жолугушуп туруу боюнча эки облустун жетекчилеринин демилгеси менен уюштурулууда. Мындай жолушугушуулардын негизги максаты чек аралаш аймактарда чыр-чатактардын алдын алуу жана болтурбоо.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости