www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ветеринария башкармалыгынын маалыматына караганда, аймакта май айынын соңуна чейин эле 1100 жылкы кургакчылыктан өлдү.

Ошондой эле Мангистауда көптөн бери жаан жаабаганы дагы айтылууда. Анын кесепетинен жайыттардагы чөп куурап жатат. Жем-чөп жок. Фермерлер зыян тартып жатканын айтып, чиновниктерден жардам сурап жатышат.

Ал эми Мангистау облусунун жетекчилиги учурда Актөбө облусунан чөп ташып жатышканын айтышты.

Мангистау облусунун акими Серикбай Трумов билдиргендей, чөптүн корун көбөйтүү максатында жергиликтүү бюджеттен 200 млн теңге бөлүндү.

«Соңку жылдардагы кургакчылык мал чарбага чоң зыян келтирүүдө. Мындай шартта малды сактап калуу максатында облуста атайын штаб түзүлдү. Штаб мал чарбаларын жем-чөп менен камсыздашы керек. Актөбө облусунун жетекчилиги менен меморандум түзүлдү. Анын ичинде керектүү өлчөмдө чөп жана жайыт жер алуу жөнүндө макулдаштык. Коңшу облустардан алынып келген жем-чөп фермерлерге жеткирилип жатат», - деди Серикбай Трумов.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости