www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн Биринчи май райондук сотунда «Бийликти басып алуу» беренеси боюнча айыпталып жаткан активист Ырыскелди Жекшеналиевдин сот отуруму болду. Анын иши боюнча мурдагы УКМКнын төрагасы Абдил Сегизбаев күбө катары көрсөтмө берип өттү.

Өздүк булактарга таянып айтсак, Ырыскелди Жекшеналиев өзүнүн «Полит Узник» баракчасына Абдил Сегизбаевдин президенттик шайлоо учурундагы видеону бөлүшкөндүгү боюнча айыпталган. Абдил Сегизбаев суракка кирип чыгып, видео монтаждалганын айткандан кийин ошол эле түнү, тактап айтканда өткөн жылдын 14-августтунда активист камакка алынган. Ал Кылмыш-жаза кодексинин 278, 327-беренелери менен айыпталып, соттук отурумдары уланып жатат.

Ырыскелди Жекшеналиев «Жетим-Тоо» кени боюнча чыгарган видео-тасмада бийликти басып алууга чакырык болбогонун, ошол кезде Боршайкомдун 17 юристтинен турган комитети уруксат бергендигин мурдагы чекист сотто берген көрсөтмөсүндө белгилеп өттү.

Кийинки соттук отурум күбөлөрдүн келбегендигин байланыштуу 8-февралга жылдырылды

Булак: NazarNews.kg

Последние новости