www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Абдил Сегизбаев Садыр Жапаровду дебатка чакырды

Президенттик шайлоого катышуу үчүн арыз берген Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаев премьер-министрлик кызматты убактылуу тапшырган Садыр Жапаровду ачык дебатка чакырды.

Бул тууралуу Сегизбаев 7-декабрда "Азаттыкка" берген маегинде билдирди. Ал акыркы он күндө ар кыл күчтөр ортомчуларды салып, ар кандай кызматтарды сунуштап жатканын кошумчалады:

"Мен эң күчтүү талапкер деген адамды дебатка чакырам. Мага ортомчуларды салып жатыптыр. Бетме-бет сүйлөшөлү. Артыбыздын сөз кылбайлы. Эгер эркек болсо, түзмө-түз мага чыксын, дебаттан ар бирибиз өз чындыгыбызды айталы. Кимдин-ким экенин, кандай максат көздөп жатканын ачык сүйлөшөлү", -деди Сегизбаев.

"Күчтүү делген талапкер ким? Садыр Жапаровбу?" деген суроого Абдил Сегизбаев "ошол кишини айтып жатам" деп жооп кайтарды. 15-декабрда, шайлоо өнөктүгү учурунда бир катар маалыматтарды ачыкка чыгара турганын айтты.

Абдил Сегизбаев УКМКны 2015-жылдан 2018-жылдын апрелине чейин башкарып, өз арызы менен кызматтан кеткен. Ошол мезгилде камалган саясатчылардын көпчүлүгү аны бийликтин саясий буйругун аткарган деп айыптап келишет.

Ал атайын кызматты башкарганга чейин мурдагы президент Аскар Акаевдин басма сөз катчысы, 2010-жылдан кийин Алмазбек Атамбаевдин жардамчысы, кеңешчиси, УКМКнын Улуттук коопсуздуктун коркунучтарын талдоо жана аныктоо кызматынын башчысы болуп эмгектенген.

Абдил Сегизбаев президенттикке талапкер болуш үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына арыз бергендердин катарында. Президенттик шайлоо 10-январга белгиленген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости