www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстан 14-ноябрдан 30-ноябрга чейин коңшу Казакстандан 24,8 млн. киловатт саат электр энергиясын сатып алды. Бул тууралуу Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин сайтында кабарланды.

Мекеме декабрдын башынан бери бул көрсөткүч канча көлөмдү түзгөнүн тактаган эмес.

Он айда Кыргызстан өзү 11,59 млрд. киловатт саат электр энергиясын өндүргөн, бул былтыркы жылдын тиешелүү мезгилине салыштырмалуу 0,2% аз.

Кыргыз өкмөтү Токтогул суу сактагычындагы сууну үнөмдөө максатында быйыл күз-кыш сезонунда Казакстандан 500 млн. киловатт саат электр энергиясын сатып ала турганын кабарлаган.

Токтогул гидроэлектр станциясын (ГЭС) камсыздоочу суу сактагычтагы суунун көлөмү 2020-жылдын 8-декабрына карата 14,4 млрд. куб метрди түздү.

Быйыл жайда Кыргызстандагы «Таза Кол» коомдук уюму Токтогул суу сактагычында суу кескин азайып кеткенин билдирип, бул кышта жарыктын өчүрүлүшүнө алып келерин эскерткен. Уюм акыркы жылдары суу сактагычтагы суу белгисиз жагдайда агызылып келгенин, натыйжада жылына 5-10% кемип келгенин билдирген.

Расмий маалымдалгандай, 2017-2018-жылдары Токтогул ГЭСиндеги суунун көлөмү күз-кыш мезгилине 19,2-19,6 млрд. куб метр менен кирген.

2019-жылы жайда 16 млрд. куб метр суу болсо, күзгө чейин ал 17 млрд. куб метрге жеткен. Быйылкы көлөм мурдагы жылкыдан 5-6 млрд., былтыркы жайдагыдан 3-4 млрд. куб метрге аз болуп жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости