www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Ысык-Көл" эл аралык аэропорту 2020-жылдын 8-декабрында "S7" авиакомпаниясынын "Новосибирск-Тамчы-Новосибирск багыты боюнча алгачкы чартердик каттамды тосуп алды.

"Манас" аэропортунун басма сөз кызматынан кабарлашкандай, чартердик каттам жума сайын шейшемби күндөрү аткарылып турат.

Бул каттам менен 7 жаш баланы кошкондо 169 жүргүнчү учуп келди. "Кыргызстандагы кышкы туризмди өнүктүрүү максатында, жогоруда аталган каттамдын ачылышы үчүн "Манас" эл аралык аэропорту" ААК, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлиги, КР ТжЖМ алдындагы Жарандык авиация агенттиги жана Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрили менен биргеликте иш алып барды", - деп айтылат маалыматта.

Чет өлкөлүк жарандардын Кыргызстанга киришине чектөөлөрдүн алынгандыгына байланыштуу, мындай көрүлгөн чаралар туристтик сезонду жандандырууга түрткү болмокчу.

"МЭА" ААК коронавирус пандемия маалында учактарды жана жүргүнчүлөрдү кынтыксыз тейлөөдө жана ошондой эле ооруну жуктурбоо үчүн коргонуучу бардык чараларды көрүүдө.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости