www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Абдил Сегизбаевдин жактоочусу Биринчи май райондук сотунун чечимине каршы апелляциялык арыз берди. Бул тууралу Сегизбаевдин катчысы Мээрим асанова билдирди.

Маалыматка ылайык, Сегизбаевдин жактоочусу Кантемир Турдалиев Биринчи май райондук сотунун Абдил Сегизбаевди үстүбүздөгү жылдын 25-мартына чейин УКМКнын убактылуу кармоо жайында камакка алуу жөнүндөгү чечимин жокко чыгаруу боюнча Бишкек шаардык сотуна арыз менен кайрылды.

«Жактоочу, иштин бардык жагдайлары эске алынбастан чыгарылган соттун чечимин мыйзамсыз деп эсептейт. Андыктан сотко чейинки өндүрүш мезгилинде А.Сегизбаевге карата баш коргоо чарасы кайрадан каралып чыгышы керек. Ошондой эле, Кантемир Турдалиев Бишкек шаардык сотуна, Биринчи май райондук сотунун тергөө судьясы Н.Ж.Ибраимовдун Сегизбаевге карата, аны камакка алуунун мыйзамдуулугун жана негиздүүлүгүн текшерүү жөнүндөгү апелляциялык арыз берди», - деп айтылат билдирүүдө.

Эске салсак, УКМКнын экс-төрагасы Абдил Сегизбаева сотко чейинки процесстин жүрүшүндө, 25-мартка чейин камакка алынган. Сегизбаев Жазык кодексинин «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси боюнча айыпталууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости