www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарынын Чокморов көчөсүндө чыгыш тарапты көздөй бараткан депутат Камчыбек Жолдошбаевдин Lexus үлгүсүндөгү автоунаасына бир аты белгисиз чолок көчөдөн чыга калган Mercedes автоунаасы жол бербей, эки унаа кагылыша түшкөн. Бул тууралуу бүгүн, 29-январда депутат Камчыбек Жолдошбаевдин басма сөз кызматы билдирди.

«Окуя эртең менеки саат 09:30 чамасында болгон. Бишкек шаарынын Чокморов көчөсүндө чыгыш тарапты көздөй бараткан депутат Камчыбек Жолдошбаевдин Lexus үлгүсүндөгү автоунаасына бир аты белгисиз чолок көчөдөн чыга калган Mercedes автоунаасы жол бербей, эки унаа кагылыша түшкөн. Негизги жол Lexus автоунаасына тиешелүү болсо да капыстан чыга калган Mercedes автоунаасы жол жүрүү эрежелерин одоно бузуп, митаамдык кылып, Lexus автоунаасына келип, анын рулда олтурган айдоочусуна эмес, арткы орундугунда олтурган депутат Камчыбек Жолдошбаевге асылган. 

«Оозуна ак ит кирип, кара ит чыккан» айдоочу кой айга келбей жол кырсыгына депутатты айыптаган. Көп өтпөй депутатты демиткен жигит телефонунун камерасын иштетип, документтерин көрсөтүүсүн талап кылып, чагым жасаган. Жаш жигиттин мындай орой мамилесинен улам ачууланган депутат аны сөккөнгө аргасыз болгон. Жол кырсыгынан кийин эки машина тең жол инспекциясынын айып аянтчасына токтотулган», - деп айтылат билдирүүдө.

Өз кезегинде Жогорку Кеңештин депутаты Камчыбек Жолдошбаев жол кырсыгынын айынан айыпкерлердин чагымына жооп берээрин жана ачууга алдырганы үчүн коомчулуктан кечирим сураган.

Эскерте кетсек, кечээ, 28-январда депутат  Камчыбек Жолдошбаевдин унаанын ичинде жаш жигитке уят жест көрсөткөн видеосу интернет айдыңына тарап, коомчулукта бир топ терс пикирлерди жараткан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости