www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек шаарына караштуу Биринчи май райондук соту кечээ, 1-апрелде Абдил Сегизбаевди 4 млн сом айып пул төлөөгө милдеттендирди. «АКИpress» агенттигине белгилүү болгондой, Сегизбаевдин баш коргоо чарасы да өзгөрдү.
Тактап айтканда, Сегизбаев соттун өкүмү күчүнө киргенче эч жакка кетпөө жөнүндө тил каты менен камактан бошотулду. Сегизбаев өткөн жылы 25-январда кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп айыпталып кармалган.
Анын үстүнөн 2 кылмыш иши козголгон. Азырынча кайсы кылмыш иши боюнча сот өкүмү чыкканы белгисиз.
Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча, Сегизбаев Кой-Таш айылында жайгашкан 2,2 га жайыт жерди 49 жылга акысыз алып, куруу иштерин жүргүзүп, андан кийин жерди жакын туугандарынын атына өткөрүп койгон.
Ошону менен бирге Сегизбаев жакын туугандары жана Таш-Мойнок айыл өкмөтүнүн кызматкерлери менен биргеликте жарандарга үлүш катары берилген 18,46 га айыл чарба багытындагы 92 жер тилкесин жеке менчикке өткөрүп алышкан.
Ошондой эле Башкы прокуратура Сегизбаевге «Белизгейт» иши боюнча айып таккан. Башкача айтканда, Сегизбаев Жогорку Кеңештин депутаттары Шыкмаматов, Салянова жана Текебаевди эл алдында атайын каралап, кылмышка айыптаган деп шектелген.
Булак: NazarNews.kg