www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Орусиянын президенти Владимир Путин Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевге телефон аркылуу Донбассты коргоо боюнча атайын операциянын жүрүшү, орус жана украин өкүлдөрүнүн сүйлөшүүлөрү тууралуу маалымат берди. Бул тууралуу Кремлдин басма сөз кызматы билдирди.
«Владимир Путин Донбассты коргоо боюнча атайын аскердик операциянын жүрүшү, ошондой эле орус-украин өкүлдөрүнүн сүйлөшүүлөрү тууралуу маалымат берди», — деп айтылат билдирүүдө.
Мындан тышкары, Орусиянын президенти Владимир Путин менен Казакстан Республикасынын президенти Касым-Жомарт Токаев соода-экономикалык кызматташууну, Евразия мейкиндигиндеги интеграциялык бирикмелердин алкагындагы өз ара аракеттенүүнү талкуулаганы айтылды.
«Эки тараптуу күн тартибиндеги актуалдуу темалар талкууланып, өз ара пайдалуу соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүнүн практикалык аспектилерине басым жасалды.
Евразия мейкиндигинде интеграциялык бирикмелердин алкагында кызматташууну тереңдетүү перспективалары каралды. Ар тараптуу бекемдөөгө эки тараптын ниети. Орус-казак мамилелери союздаштык жана стратегиялык өнөктөштүк менен бекемделди», - деп айтылат билдирүүдө.
Эске салсак, Орусия Украинага каршы согушту 24-февралда баштаган. Путин анын максаты «сегиз жылдан бери Киев режиминин басмырлоосуна, геноцидине кабылып келгендерди коргоо» жана бул үчүн «Украинаны демилитаризация жана денацификация» жасап жана Донбасстагы «жай жашоочулардын канына забын болгондорду» аскер сотуна берип, жоопкерчиликке тартуу пландалып жатат, деп айткан.
Орусия - анын куралдуу күчтөрү аскерий соккуларды Украинанын аскердик инфраструктурасы менен күч түзүмдөрүнө уруп жаткандыгын, жай жарандарга багытталбагандыгын билдирет. Орусиянын колдоосу менен ДЭР жана ЛЭР топтору да өз аракеттерин улантууда. Путин - Украинаны оккупациялоо туурасында кеп жок экенин айтат.
Булак: NazarNews.kg