www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Өмүрүмө кооптуу жагдай жаралганы үчүн Баткенден чыгып кетүүгө аргасыз болдум", - деди бүгүн, 8-сентябрда NazarNews маалымат агенттигине Көк-Таш айылынын тургуну Абдиманнап Шайдуллаев.

- Абдиманап ава, чек арада маселе чечилип, курулуштар бүтүп, эл турак-жай менен камсыз болуп калдыбы?

- Бийлик аракет кылып жатканы менен маселе чечилип, жашоо жеңилдеп калган жери жок. Мүмкүн курулуш иштери жүрүп жаткандыр. Бирок, чек ара маселеси чечиле элек. Акыркы күндөрү тажиктер жерибизди бербейбиз, аягына чейин турабыз деп катуу кармашка чыккан  мага окшогон патриотторду катуу көзөмөлгө ала баштады. Тагыраагы, менин сүрөтүмдү кылмышкер катары Тажикстанга илип, издей башташты. Өмүрүмө кооптуу жагдай жаралганы үчүн Баткенден чыгып кетүүгө аргасыз болдум. Залакам тийбесин деген ойдо үй-бүлөмө да жакындай албай калдым.

- Эмне үчүн алар сизди көзөмөлгө алып калышты?

- Анткени, Ак-Сай айыл өкмөтүндө тажиктерге жерибизди бербейбиз дегендердин башында мен турчумун. Мени козголоңчу дешчү. Чынында мен апамдын үйүн коручумун. Сооронбай Жээнбековдун убагында Жеңиш Раззаковдун “Бул кыргыздын эмес, тажиктин жери” деп күчкө салып, кол койдурганын айтып, "тажиктер кыргыздардын жерин тартып алууга аракет кылып жатат" деп ЖМКларга чыгып маалымат бергеним үчүн мени жаман көрүп калышкан.

Жеңиш Раззаков баш болуп бир жылдай кыйнашты. Текшерип, коркутуп, үркүтүп жатып, бир канчасын көчүрүп жиберишти. Мени колдоп, жер биздики, тажиктерге бербейбиз дегендер калдык. Кыйынчылыктын баарына чыдап, жерин сактап калам деп чек арада чектеш жашаган элиме рахмат.

- Баткенден чыгып кетипсиз, эмнеден кооптонуп жатасыз?

- Башка жакка барсам, тажиктер мага Көк-Таштык Эсен Мажитовго эл аралык издөө жарыялап, оор беренелер менен иш козгоп, Орусияда камакка алдыргандай ыкманы мага да колдонушу мүмкүн. Азыр мен тажиктин атайын кызматы да кармап кетеби деп кооптоном. Чынында биз тажиктер кылмыш ишин козгогондой кылмышкер эмеспиз. Алар бизди коркутуп, жерибизди ээлеп алуу үчүн Тажикстандын оор беренелери менен кылмыш ишин козгоп, камакка алдырууга, кармап кетүүгө аракет кылып жатышат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости