www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын Мамлекеттик ипотекалык компаниясы "Менин үйүм 2021-2026" жаңы турак жай программасынын башталганын жарыялады. Бул тууралуу Мамлекеттик ипотекалык компаниянын өкүлү Жылдыз Бекбаева билдирди.

16-сентябрдан тарта мамлекеттик ипотекалык кредиттерди берүүнүн жаңы шарттары иштей баштайт. Ага ылайык бюджеттик сектордун кызматкерлерине жылдык 4% менен кредит берилет. Катышуучу даяр турак жай сатып алуусу үчүн, жана кредитти төлөөгө жөндөмдүүлүгүнө жараша мөөнөт 15 жылдан 25 жылга чейин болот.

Ал эми жарандардын калган категорияларына, (мамлекеттик эмес кызматтарда иштегендер) даяр турак жайды сатып алуу үчүн ипотека жылдык 8% менен берилет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости