www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Депутат Мадеминовго карата кылмыш иши барбы? ИИМдин жообу

Мага карата кандай кылмыш иши бар, деп депутат Мурадил Мадеминов (КСДП) 8-сентябрда ички иштер министринин орун басары Эркебек Аширходжаевден сурады .

«Сизге каршы кылмыш иши жок. Эгер андай болгон болсо, анда сизге билдирүү берилмек», - деп жооп берди ИИМдин жетекчисинин орун басары.

Анда алар эмнеге телефонду тыңшашты, деди депутат.

Аширходжаевдин айтымында, кылмыш иши барлар гана тыңшалган эмес, белгилүү бир тизме болгон.

«Мен 2020-жылы (5-6-октябрда) аянтта болгон эмесмин. Мени бул тизмеге кошууну ким сунуштады? Мен жөндөн жөн эле бул тизмеге кирип калган жокмун да», - деди Мадеминов.

Тиешелүү жол-жобосу бар. Оперативдүү кызматкерлер рапорт менен кайрылышат, деп түшүндүрдү министрдин орун басары.

Депутат ким кайрылганын сурады.

Аширходжаев териштирүү уланып жатканын жана ал тууралуу эч нерсе айта албасын эске салды.

«Мен Жогорку Кеңештин депутатымын, мыйзамда депутаттардын статусу жөнүндө жазылган. Менин телефон сүйлөшүүлөрүмдү тыңшоо үчүн эмненин негизинде уруксат сурадыңыздар?» - деди Мадеминов.

Министрдин орун басары тергөөнүн купуялуулугуна айтып, депутатты расмий кат менен кайрылууга чакырды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости