www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Тажиктердин 10-15 жылдан бери жасаган аракети оң жыйынтык бербеген үчүн алар жаш балдарга кол көтөрө башташты», - деди бүгүн, 27-сентябрда NazarNews маалымат агенттигине Көк-Таш айылынын тургуну Абдиманнап Шайдуллаев
- Абдиманнап ага, кыргыз-тажик окуучуларынын арасында түшүнбөстүктөн жаңжал чыктыбы же чек арадагы жаңжалдар өспүрүмдөргө чейин таасир этип, жаңжалдар жашара баштадыбы?
- Мен чек арадагы жаңжалдар жашара баштады деп айтпайт элем. Тажик бийлиги окуучуларына тымызын колдоо көрсөтүп жатканы үчүн алар кесепетин ойлонбой туруп, чек арада чектеш жашаган Көк-Таш айылындагы 8-класстын төрт окуучусун тажиктин 10-класста окуган 30 баласы сабады.
Алар мындай кадамга жөн эле барышкан жок. Кыргыздардын өспүрүм балдарынын кыйнай берсек, 5 жылдын ичинде духу түшүп калса, көчүп кетишет, жерин биз ээлеп алабыз деген саясат менен жасап жатышат.
Тагыраагы, таяк жеген балдар 16га чыкканда көчүп кете турган абалга жеткиребиз деген аракеттин биринчи кадамды ташталды. Тажиктердин 10-15 жылдан бери жасаган аракети оң жыйынтык бербеген үчүн алар жаш балдарга кол көтөрө башташты.
Тактап айтканда, алар жаш балдарды токмоктогон, уурдап кетип сабаган ыкманы тактика катары колдонуп жатышат. Булардын жаш балдарга муштум кезегени ал жер 5 жылды бизге өтөт деген аракети десек болот.
Эми орган адамдары жаш балдарга болушкандарды суракка чакыртып, текшерип камабашы керек. Көп учурда чек арада чыр чыкса эле күнөөлүүнү кыргыздардан издешчү. Жеңиш Раззаков тажиктерге басып берүү үчүн болгон аракетин жасачу.
Азыркы бийлик элди басып бербей, тескерисинче колдоого алышы керек. Тагыраагы дух бериши керек. Элге дух берсе эле эл өзү чек араны коргоп алат.
- Баса, чыр чыкса эле эки облусун акимдери жолукту, губернаторлору абалды талкуулашты деген сүйлөшүүлөр болот. Сүйлөшүүлөр мындай чыр-чатактарга чекит коё албайбы?
- Чекит коё албайт. Тажиктер эч качан айткан сөзүнө турбайт. Ошон үчүн алар менен сүйлөшүп, окуяны талкууладык, абалды жөнгө салууга аракет кылдык деген жолугушуулардан майнап деле чыкпайт. Аким, губернатор чек арада маселе деле чече албайт. Андан көрө биздин бийлик элди сындырбай, тажиктерге басып бербей койсо эле, биз аларды көз караш менен эле артка кайтарып коёбуз.
Булак: NazarNews.kg