www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Дүйнө коомчулугу өзөктүк куралдардан улам жок болуп кетүү алдында турат. Мындай пикирин бүгүн БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриш айтты.
РИА Новости анын Twitter баракчасындагы билдирүүсүнө таянып жазганына караганда, ушул тапта дүйнөнүн булуң-турчунда 14 миңден ашык өзөктүк курал катылуу.
“Адам баласы ушул тапта өзөктүк куралдын көптүгүнөн улам жок болуп кетүү коркунучуна мурда болуп көрбөгөндай жакын турат. Андыктан, ал куралдарды жок кылып, мындан ары ишеним жана сый-урмат менен жашоого чакырам. Ядролук коркунучту жоготууга кез келди. Дүйнөдө ансыз дагы кооптуу нерселер көп”, — деди Гутерриш.
Сөзүнүн аягында ал акыркы жылдары өзөктүк куралы бар мамлекеттер модернизациялоо иштерин жүргүзүп, ким күчтүү экенин далилдөө үчүн жарышка түшүп жатканын кошумчалады.
Булак: NazarNews.kg