www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

NazarNews маалымат агенттиги Кыргызгидромеддин директору Абдишарип Бекилов менен байланышып, Кыргызстанда кандай аба ырайы күтүлүп жатканы жана кандай жыл болоору боюнча баарлаштык.

--Абдишарип мырза, кандай аба ырайы болгондо коомчулуктун үрөйүн учурган, бийликтин шаштысын кетирген коронавирус коркунучу жоголот экен?

--Коронавирус кандай аба ырайында күчүн жоготуп, коркунучту азайтаары боюнча менде так маалымат жок.  Ал эми маалымат булактарынан ар кандай айтылып жүрөт. Бул маселе боюнча медиктер айтканы эле туура болот го деп ойлойм. Буюрса, жакынкы күндөрү абанын температурасы 30-32 градуска чейин жогорулоосу болжолдонуп жатат. Эгер ысык коркунучту жоготсо, аба ырайынын ысышы жардам берет деген үмүттөмүн.

--Быйылкы жыл кандай жыл болоору болжолдонуп жатат?

--Быйылкы жылдын аба ырайынын болжолу көп жылдык норманын чегинде эле болот. Бирок, кышында кардын аз жаагандыгына байланыштуу суунун азыраак болуусу болжолдонууда. Ошого карабай, Токтогул суу сактагычында чоң деле коркунуч жок. Суунун запасы да, суу сактагычка куюучу суунун запасы да жетиштүү эле деңгээлде. Түштүк тарапта кардын азыраак жаашы дыйканчылык менен алектенген жарандарыбызга таасир этет го деген кооптонуу бар.

--Климаттын өзгөрүшүнөн кооптуу жагдайлар жаралып, жаратылыш кырсыктары болот деген божомолдор жокпу?

--Климаттын өзгөрүүсү акырындан болуучу процесс, ошондуктан дароо эле бир чоң кырсык болуп кетет-деген кооптонуу туура эмес. Бирок, жылдан-жылга салыштырмалуу абанын температурасы жогорулап баратат. Анын таасири болбой койбойт, сөзсүз таасирин тийгизет. Андан бир эле Кыргызстан эмес, бүт дүйнө кооптонуп турат.

--Азыр кандай тартипте, кандай шартта иштеп жатасыздар?

--Биздин жумуш карантинге чейин эле түнү-күнү иштөөнү талап кылат. Элибиз сыяктуу эле, бир аз ыңгайсыздыктар болуп жатат, бирок, эмгек жамаатыбыз баарын түшүнүү менен кабыл алууда. 3-4 күндөп үйлөрүнө барбай иштөөгө туура келүүдө. Мен болсо, дем алуусуз иштеп жатамын. Министрибиз жетекчилер түнү-күнү иштөө режимине өтүүсү боюнча буйрук чыгарган. Эмгек жамаатыбыздын ден-соолугу, коопсуздугу, элибиздин эсен-аман жашоосу баарынан жогору. Жашы 60-70ден өтүп калган кызматкерлерибиз көп, аларды аралыктан иштөөгө уруксат бергенбиз. Өзүңүз билгендей, аба ырайын божомолдоону бир мүнөт да убактысын  бузганга болбойт. Биз дүйнөлүк чынжырчага уланганбыз. Биздин маалыматтарыбыз биздин эле мамлекетибиз үчүн эмес, башка мамлекеттердин аба ырайын болжолдоого да пайдаланылат. Эң башкысы элибиз аман-эсен ушул кыйынчылыктан чыгып алсак, Кудай буюрса, бул кыйынчылыктардын баары  артта калат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости