www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Аалымдар кеңешинин мүчөсү, КИУнун ректору, Абдишүкүр Нарматов КР Президенти Садыр Жапаров тууралуу пикирин билдирип, БУУнун Башкы Ассамблеясынын 80-сессиясынын Жалпы дебаттарында сүйлөгөн сөзүнө пикирин айтты.
— Прездентибиз Садыр Нуркожоевичтин БУУнун Башкы Ассамблеясынын 80-сессиясынын Жалпы дебаттарында сүйлөгөн сөзү мени аябай толкундатты. Эки жүзгө жакын мамлекеттердин делагаттары катышкан жогорку трибунадан дүйнө элинин жүрөгүн сыздатып жаткан, көпчүлүк президенттер айтууга даай албаган оор маселелерди козгоп, жөн эле козгобостон, чечкиндүү талап койгону өлкө башчыбыздын сасясий эрктүүлүгүн гана эмес, бийик адамгерчилик сапатын да айгинеледи.
Сөзүнүн башында “Мен быйыл дипломат болбой эле коёюн деп чечтим...” деп баштаганы менен президентибиз өзүнүн чыныгы дипломаттыгын көрсөттү. Ислам шариятында “Ар бир орундун өзүнө жараша айтыла турган сөзү болот” деген эреже бар. Кыргызда “Кезеги келгенде айтпаса, сөздүн атасы өлөт” дейт. Уинстон Черчиллден “Чыныгы дипломат кандай болушу керек?” – деп сурашканда, ал: “Чыныгы дипломат кайсы учурда сүйлөөнү, кайсы учурда унчукпоону, кайсы учурда каршылашына сөз ыргытууну жана кайсы учурда сөзүнөн артка кайтууну билиши керек” – деп жооп берет.
Урматтуу президентибиз да керектүү учурда, керектүү сөздөрдү айтып калуу мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарган жок. Айрыкча бүгүнкү күнү дүйнө жүзүндө бир гана мусулмандар эмес, адамдык касиетин жогото элек ар бир адамдын жүрөгүн тилип жаткан Палестина кайгысын, Газадагы кыргын жөнүндө айтканы жүрөктү жылытты. 2024-жылдан бери эле Газа тилкесиндеги баскынчылык кыргындан жүз миңден ашуун бейкүнөө адамдар кырылса, анын жетимиш пайызы аялдар жана балдар экени маалым.
Президентибиз Газа, Сирия, Судан жана башка өлкөлөрдөгү кыргындар дүйнөлүк саясаттын курмандыгы экенин, дүйнөнүн кош стандарттуу саясаты тууралуу ачык айтып, биздин банктарга коюлган санкцияларды алып салууну катуу талап кылды. Абу Саид Худри (ага Алла ыраазы болсун) айтып өткөргөн хадисте пайгамбарыбыз (ага Алланын тынчтыгы жана мактоосу болсун): “Башка бирөөлөрдүн айбаты чындыкты айтуудан токтотуп койбосун! Чындыкты же айтылуусу зарыл, улук болгон иштерди айтуу силердин ажалыңарды жакындатып же ырыскыңарды тарытып койбойт. ” – деген. Башкалардан жалтанбай чындыкты ачык айтуу бекем эркти талап кылары белгилүү. “Чындыкты айтпасаң да, акыйкатсыздыкка кол чаппа” деген сөз бар. Ал эми биздин өлкө башчыбыздын эрктүүлүгү, чечкиндүүлүгү жана адам катары адамзаттын тагдырына күйүп бышканы баарыбызды сыймыктантты. Алла Таала өлкө башчыбызга акты ак көрсөтүп туура жолдон адаштырбасын. Ар дайым ушундай акыйкатты даңазалап, чындыктын бетин ачып жүрө турган эрк ыроолосун. Ишине ийгилик, өзүнө бекем ден соолук берсин, дейт аалымдар кеңешинин мүчөсү, КИУнун ректору Абдишүкүр Нарматов.