www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Салмагың кандай саясатчы?

Дал ушундай рубриканын негизинде Кыргызстандын саясатында мамлекеттик жана коомдук иштерге активдүү аралашып жүргөн саясатчылардын, мамлекеттик ишмерлердин бейнеси тууралуу кыскача сүртүмдөрдөн берип туралы дедик. Бул жолку каарманыбыз, учурдагы таасирдүү саясий фигура катары элдин оозунда көп айтылып, талкууланып келе жаткан Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев болмокчу? 

Соңку жылдары Камчыбек Ташиевдин саясаттагы орду кыйла жогорулады. УКМКны жетектеп мамлекеттин ички коопсуздугун, чек ара маселелерин жана мамлекеттик туруктуулукту камсыздоодо маанилүү фигурага айланды. 

Учурда Ташиевди коомчулук катаал, бирок чечкиндүү инсан катары билет. Ал көп учурда популярдуу эмес, бирок мамлекет үчүн керек болгон чечимдерди кабыл алууга даяр экенин көрсөттү. Айрыкча чек ара маселелери, коррупция боюнча позициясы аны патриот катары көрсөтүп, коомдук колдоону да алып келди. Анын күч органдарындагы активдүүлүгү, чек ара коопсуздугуна болгон мамилеси жана жалпы улуттук маселелерге болгон көз карашы — бул адамды саясаттагы өзүнчө феноменге айлантты. 

Албетте, анын иши коомдо түрдүү пикир жаратат. Бирок бул саясатчынын коомго таасири бар экендигинен кабар берет. Ачык айтканда, Кыргызстандын азыркы саясатындагы таасирдүү жана талаштуу фигуралардын бири десек болот. Ал элдин көңүлүндө кандай калат — муну убакыт көрсөтөт, бирок анын азыркы ролу талашсыз мааниге ээ.

Последние новости