www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Жаза өтөө кызматынын жетекчилиги Алмазбек Атамбаевдин ден-соолугуна көңүл бөлүүсү зарыл», - деди бүгүн, 4-апрелде NazarNews маалымат агенттигине коомдук ишмер Абдрахман Маматалиев.
- Абдрахман ага, Алмазбек Атамбаевди соттон тез жардам алып кетиптир. Мындан ары ага кандай мамиле0 болушу керек? Сотко алынып келиши керекпи же анын ыгына, шартына көнүп, сот анын катышуусу жок өтүшү керекпи?
- Албетте, жаза өтөө кызматынын жетекчилиги Алмазбек Атамбаевдин ден-соолугуна көңүл бөлүүсү зарыл. Керек болсо, адистерден турган атайын комиссия түзүү керек. Эгер акыбалы оор болсо, мыйзамдын негизинде чара көрүлүшү шарт.
Бирок, ал өзү да сотко келип, катышып, ага тагылып жаткан кылмыш иштери боюнча жооп берип, күнөөсү жок болсо, далилдөөгө кызыкдар болуусу керек. Таптакыр эле баш тартып, келбейм десе, сот отурумун ансыз деле өткөрүүгө мыйзам жол берээрин ал өзү да, жактоочулары да жакшы билишсе керек.
Булак: NazarNews.kg