www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эртең, 5-апрелде Бишкек шаарындагы айрым райондордо таза суу жок болот. Бул тууралуу «Бишкек суу каналга» билдирди.

Саат 09:00—17:00 аралыгында конуштардагы турак жайларга, мектеп, бала бакча, саламаттыкты сактоо жана башка социалдык объектилерге таза суу берүү убактылуу үзгүлтүккө учурайт. Суу убактылуу өчүрүлө турган аймактар:

Күрөңкеев, Абдрахманов, Элебесов, Бельская, Ала-Арча дарыясы, Жибек Жолу, Жаш Гвардия, БЧК, Саадаева көчөлөрү менен чектеш аймактар. Ошондой эле Кызыл куруучу, Ак-Тилек, Көлмө, Алтын Бешик, Салам Алик конуштары суусуз калат.

Мындай чектөө «Түндүк» суу тосмосундагы жана шаардагы таза суу түтүктөрүндөгү оңдоо иштери менен байланыштуу. Борбор калаанын мэриясы калкты, мекеме-уюмдарды ичүүчү сууну камдап алууну эскертет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости