www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңеш моралдык жактан ресурсун түгөттү. Шамал кайсы тараптан соксо ошол жакка жалп эткен позициясы жоктугу элди иренжитип койду. Мындан улам парламент күздө тарайт, күздөн аман чыгышса, жазда сөзсүз тарай турган болууда. Мунун белгилери башталды. Жер-жерлерде аткаминерлер элге чай беришип чабагандай башташты.
Мына жакында эле Чүй облусунун жетекчиси Туйгунаалы Абдраимов Чүйдүн төбөсү көрүнгөн аксакал-көксакалдарын жыйып чай берип, «Бийликти колдойлу, митинг-пикетке чыкпайлы» - дегенди айтыптыр.
КСДПнын депутаты Кожобек дагы чай берди чүйлүктөргө. Бул чай берүү учурда президентке кеңешчи болуп отурган Айбек Азыранкуловдун көрсөтмөсү аркылуу ишке ашып жатканы айтылууда. Мындай нерселер жөн жеринен уюштурулбасын эске алганда, шайлоонун желаргысы сого баштады окшойт.
Булак: NazarNews.kg