www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Экс-вице-премьер-министр Абдрахман Маматалиев Майдан.kg гезитине маек берип жатып, президентти алсыз, тажрыйбасы жок, ар кандай шектүү иштерге аралашкан адамдар курчап алганын боолголоп. Күн өткөн сайын кырдаал курчуп баратканынын айтты.
-Президент айткандан кийин. колунан иш келбеген аткаминерлер кетебербейби, креслого жармашпай?
- Андай болбойт го. Алар, тескерисинче, эптеп кызмат ордунда калып калууга аракет кылып чуркап жүрүшөт. Аларды ар кандай айла-амал алып келген табакташ "крышалары" да актап-жактаган маалыматтарды тарата башташты. Кыска-сы, алар ишин жөндөй албай жатканын мойнуна алып, кызматтан кеткендин ордуна кызматын сактап калуунун айласын издеп жатышат.
- Мамлекегибиздин иши илгерилешине президент алсыздык кылып жагабы же өкмөт шалаакы болуп жатабы?
- Биринчиден, президентти алсыз, тажырыйбасы жок, ар кандай шектүү иштерге аралашкан адамдар курчап алышты окшойт. Экинчиден, азыркы өкмөтгүн 70 пайыздан ашууну өз милдеттерин аткара албай жатышат. Бирок, айтылган сындарга карабастан, эмнегедир аларды кетирбей, сактап келе жатышат. Жыйынтыгында, күн өткөн сайын кырдаал курчууда.
- Неге лрезиденттин да, өкмөт башчынын да командасы алсыз деп сындашат. Аларга кучтүу команда түзүүгө ким тоскоолдук кылып жатат?
- Бул жерде бир топ факторлор бар. Биринчиси, алардын тегерегиндеги ар кандай саясий күчтөр. Андан кийинкиси, Жогорку Кеңештеги башкаруу коалициясына кирген фракциялардын кызмат орундарды бөлүп алуусу. Бирок, акыркы сөз ар дайым президент менен премьер-министрде болот. Ошон үчүн коомчулуктун сынына кабылып жатышат.
- Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал жер алмашсак эле чечилип калабы?
- Албетте, толугу менен чечилбейт. Бирок, чыр-чатак көп чыгып жаткан Көкташ айлынын тегерегинде кырдаал онолууга шарт түзүлөт. Баштагыга караганда чыр азайат.
- Кыргыз саясатчылары депутат болбой калса эле эл арасындагы ордун жоготуп коёбу? Неге алар бийликтин партиясына кирургө ашыгышат?
- Саясатчылардын арасында да ар түрдүү адамдар бар. Кээ бир тажрыйбалуу, билимдүү, кесипкөй, мекенчил, таза, ар кандай шектүү иштерге аралашпаган саясатчылар парламенттеби же андан тышкары деле мамлекетибиздин өнүгүүсүнө салым кошуп келе жатышат. Бирок, сиз айткандай ар дайым, кандайдыр бир айла-амалдар менен жаңы бийликтин командасына кирип алып, жеке маселелерин чечүү менен гана алек болгон шумпайлар да толтура.
Булак:Майдан.kg