www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Абдулазиз кары Закиров Кыргызстандын муфтийи болду

Абдулазиз кары Закиров Кыргызстан муфтийи болду. Бул тууралуу муфтияттан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Закиров Кыргызстан мусулмандарынын азирети муфтийи кызмат ордуна бүгүн, 10-февралда Кыргызстан мусулмандарынын VIII кезексиз курултайында бекитилди.

Абдулазиз кары Закиров 1979-жылдын 29-апрелинде Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районуна караштуу Жети-Кошкон айылында туулган. Ал аталган айылдагы С. Нурдавлетов атындагы №24 орто мектебинде билим алган. Араб жана түрк тилдеринде эркин сүйлөйт. Үй-бүлөлүү - үч уул, бир кыздын атасы.

1993-1998-жылдары Түркиянын Стамбул шаарындагы хафыздык Куран курсунда окуган;

2009-2015-жылдары Бишкек шаарындагы «Расул Акрам» ислам институтунда илим алган;

2015-2018-жылы Укук-Бизнес жана билим берүү академиясынын юриспруденция адистиги боюнча бүтүргөн.

2002-2005-жылдары Аламүдүн районундагы Көк-Жар айылындагы «Абу Бакр ас-Сыддык» медресесинин мүдүрү, «Абу Бакр» мечитинин имам-хатибинин орун басары;

2005-2008-жылдары Аламүдүн районунун баш имам-хатиби;

2008-2011-жылдары Чүй облусунун мусулмандарынын казысынын 1-орун басары;

2011-2013-жылдары Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун баш имам-хатиби;

2012-жылы Кыргызстан мусулмандарынын Уламалар Кеңешинин мүчөсү (азыркы Аалымдар Кеңеши);

2013-2021-жылдары Жалал-Абад облусунун мусулмандарынын казысы;

2021-жылдан бери Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун баш имам-хатиби болуп эмгектенип келген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости