www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек– Ош унаа жолунда кар көчкүнү мажбурлап түшүрүү иши жүрүүдө.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, унаа жолдун 132-135 жана 198-255- чакырымында жол кырсыктарынын алдын алуу, адам өлүмүнө жеткирбөө, материалдык чыгымдарды болтурбоо жана жол каттамын үзгүлтүккө учуратпоо зарылчылыгына байланыштуу үстүбүздөгү жылдын 8-февралынан 12-февралына чейин кар көчкүлөр атайылап түшүрүлүүдө.

Алсак, 8-9-февраль күндөрү Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда Бишкек – Ош унаа жолунун 222, 227, 231, 247, 250 жана 255 чакырымында жалпы көлөмү 385 миң 370 куб метр кар көчкү атайылап түшүрүлдү. Унаа жолго жеткени 986 куб метр болгон.

Белгилей кетсек, ӨКМдин адистеринин ИИМдин жана Коргоо министрлигинин кызматкерлери менен биргеликте кар көчкүлөрүн мажбурлап атып түшүрүү иштерин алып барууда.

Бүгүн Чүй облусуна караштуу жол тилкелеринде кар көчкүлөрүн атып түшүрүү иштери улантылат.

ӨКМден белгилешкендей, унаадагы абал боюнча же кырсык катталганда “112” номерине байланышуу зарыл.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости