www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыздар ичкилик ичкенди жапырт токтотпосо, ичкилик менен диний маңкурттук алардын түбүнө жетип, бул жашоодон жок кылып тынат. Мындай пикирин жазуучу Абдымамбет Сариев билдирди.
«Кыргызда арак, вино, самогон ичип, акыл-эсин жоготуу, ар жерде жатып калуу, ар кандай жамандыктарга туш болуу адаты байыртадан болгон эмес.
Кыргыз элине ичкилик ичүү жаман адаты 1875-жылдардан баштап келгиндер менен кошо келип, совет доорунда, атеисттик көз караш өнүгүп-өскөн маалда славян жана башка элдер менен кошо келген тескери адат катары жукту да, орустар көп жашаган айылдарда, шаарларда бул жаман адат тездик менен өнүгүп, өткөн кылымдын 70-жылдарынан тартып жалпы кыргыз элин чечек оорусундай каптап өтүп, дээрлик массалык бөлүгүн адаттандырып, азабын колуна берди.
Кыргыздар тил үйрөнгөндөй, техниканы тез өздөштүргөндөй, илимге бат сугарылгандай эле «ичкилик ичүү» деген тескери адатты да өтө тездик менен өздөштүрүп, орус элинен ашса ашып, асти кемиген жок.
Ичкилик ичүү кыргыздын генинде жок болгондуктан физикалык денелери, акыл-эс, сезим-туюм органдары славян элдериндей «жүк» көтөрө албай акыл-эстен, ден-соолуктан айрылып, катуу кризиске батты жана шермендечиликтин шор тузун татты...
Кыргыздар совет доору кыйраган 90-жылдардан 2000-жылдарга чейин жумушсуздук менен айласыз оор жашоонун көлөкөсүндө ичкилик менен катуу алектенип, үй-бүлөлөр ажырашып, өлүм-житим, оору-сыркоо көбөйүп, жашоо-тагдырлары сазга батып, чыкканы чыгып, чыкпаганы өз тагдырларына өзүлөрү балта чапты.
Кыргыздар ичкилик ичкенди жапырт токтотпосо, ичкилик менен диний маңкурттук алардын түбүнө жетип, бул жашоодон жок кылып тынат. Анткени, ичкилик кыргыздын генинде жок болгондуктан бул тескери сапатка туруштук бере албай Россиянын түндүгүндө жашап ичкиликтен жок болуп кеткен аз сандуу элдердей эле кыргыздар дагы акырындап отуруп жок болуп, түгөнө баштайт», - деп белгилеген жазуучу Сариев.
Булак: NazarNews.kg