www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Садыр Жапаров 2005-жылы биринчи ирет КРнын Жогорку Кеңешине Ысык-Көл облусунун Түп районунан шайлоого келип, атаандаш 11 талапкердин катарынан суурулуп чыккан. Аны менен шайлоо марафонуна ошол кездеги райондун акими, ошол кездеги президент Акаевдин бир тууган балдызы жана болуп көрбөгөндөй байлар жана кландык топтор атаандаш болгон. Мындай тоскоолдуктарга карабастан ал 2005-жылы Түп районунда бүтүндөй областтык бийликтин каршылыгына карабай депутаттык мандатка ээ болгон.

Айласы кеткен ошол учурдун Түп районундагы шайлоо округу Садырды талапкерликтен алып койгондо Түптүн эли январь айынын суугун тоготпой Түп-Каракол жолун бууп, күнү-түнү элдин талабын айтып, ал кездеги губернатор Токон Шайлиеваны алдына чакырышып сот менен кайра Садырдын талапкердигин ордуна коюшкан эле. Мен эмне үчүн буларды эстеп жатам. Элдин ишеними жана элдин укугу деген түшүнүктөр бар. Бийлик ар дайым бул түшүнүктөрдү тебелеп көмүп салгысы келет.

А бирок эл бул бийликтин башкы булагы, мамлекеттин негизги таянычы катары жана Кудайдын колдоосу менен ар дайым адилеттүүлүктү орнотуп салат. Дегеним Садыр Жапаров саясатка элдин күчү жана батасы менен келген адам экендигин айткым келди. Ошондон бери ал өзүнүн саясий турмушунда эч качан элдин ишенимин булгаган жок.

Садыр Жапаровдун элге жаккан жактары эмнеде? Ал акыркы 25 жылдан бери келе жаткан, Чубактын чуусундай болуп көйгөй жараткан Кумтөр маселесин көтөргөндүгү. Анткени Кумтөр маселеси Кыргызстандагы саясий системанын коррупциялык деңгээлин иш жүзүндө көрсөтүп койду. Кумтөр маселеси, биринчи Кумтөрдөгү алтын иштетүү көйгөйү, экинчиден ошол убактагы эл аралык "транснациональная корпорация" деп коёт. Мына ошол улуттар аралык корпорациялар Кыргызстанда кандай мамиле кылгандыгы ачыкталды.

Мына ошонун натыйжасында дүйнөдө 7-орун да турат. Мындай карап көрсөк Кумтөр иштетүү боюнча Кыргызстанда беш президент болду. Мына бешинчи президентибиз иштеп жатат. Булар дагы бүгүнкү күнгө чейин үн катпай келет. Отуз өкмөт алмашты. Кээ бир өкмөт башчылары Кумтөр курмандыгы болду, аны эл жакшы билет. Жогорку Кеңеште жаңы кадам, мындайча айтканда алтынчы чакырылыш да башталганы турат.

Ушулардын баар дыгында Кумтөр маселеси каралат, бирок чечилбей келет. Шайлоонун астында Кумторду чечебиз деп ар кандай убадаларды беришет, анан ал убадалар аткарылбайт. Бирок Кыргызстанда Кумтөр маселеси боюнча убадасын берип, ошону колунан келе турган, аткара турган 2 адам болсо (бул менин оюмча), ошонун бирѳѳсү Садыр Жапаров. Садыр Нургожоевич мага жаран, саясатчы, депутат катары жагат. Садыр мырза Жогорку Кеӊеште иштеп жүрүп, 2012-жылы февраль айында Кумтөр боюнча атайын депутаттык комиссия түзгөнгө жетишкен. Ошол комиссиянын башына Садыр Жапаровду коюшкан.

Июнь айында Кумтөрдөгү абал боюнча өзүнүн докладын (отчёт) жазган. Ал отчёттун экономикалык жагын, а түгүл сырттан алып келинген товардын баасына чейин, Кыргызстандагы Centerra Gold компаниясынын директорлор кеңешинин мүчөсү ким болгонун, кандай иштегенине чейин баа бергенге аракет кылышкан. Коомчулук маалымат алган бирден-бир доклад ушул болгон. Көпчүлүк биздин качып кеткен президенттер азыркы жана мындан мурунку депутаттар да бул көйгөйлөрдү билип турган, бирок ачык айталышкан эмес. Менин Садыр Жапаровду баалаганым ушул теманы так, анан ачык көтөрүп чыккандыгы, мекенчилдик сезимин жогору койгондугунда.

21-кылымдын башында, эл өзүн электрондук технологиянын тартибинде жашоого тарбиялап жаткан мезгилде, адамдын жакшы-жаман аракеттери айкындуулуктун, маалымдуулуктун (интернет айдыны жөнүндө айтып жатам) доорунда жашап жатканда, анан да мамлекет коррупцияны тазалайм деп дүпүлдөп жатканда Садырдай мекенчилдерди камакта кармоо кандай гана адилетсиздик. Айрыкча, Кумтөр маселеси чечилбей жаткан учурда Садыр Жапаровго окшогон Кумтөрдүн кордугунда калгандарды эмне үчүн кайра көтөрбөйбүз?

А бийлик болсо кечээ эле экология маселесинин стратегиясын кайра карап чыгабыз деп убакыт өткөрүп келишет. Биз Кумтөр маселесин толук карап, Кыргызстандын пайдасына чечишибиз керек. Демек, бул мамлекетибиздеги номер биринчи актуалдуу маселе. Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасы эгемендүүлүгүн алса да, саясат жактан да, экологиялык, экономикалык жактан да Кумтөр актуалдуу көйгөй жараткан маселеде чечкиндүүлүккө келе албай жаткандыгыбызды тарых кечирбейт. Ал эми бул маселени чечиш үчүн саясий эрк керек.

Мен бир маселени карап көрдүм, Садыр Жапаровдун бир материалында жүрөт. 2007-жылы Кумтөр толук түрдө бизге өтүш керек эле. Мына быйыл 10 жылдын жүзү болду. Өздөрүнүн кызыкчылыгы үчүн ал документтердин маанисин, талабын өзгөртүп коюшкан. Ошол үчүн бул маселени чечүүгө саясий эрк жетпей келет. А саясий эрк болуш үчүн адамга күчтүү жүрөк, билим керек. Мен айтпайм баарынын билими жок деп. Керек болсо бийликтегилер Садыр Жапаровдон жакшы билет. Анткени алардын мүмкүнчүлүгү бар. Ошондо дагы эрки жетпей айтпай келишет. Кумтөр бул элдин байлыгы. Эмнеге бийликтегилер унчукпай келет?

Акыбай Сооронбаев. 

Шарабидин Токтосуновдун "Садыр жана чындык" китебинен алынды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости