www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Гүлжан Шерипбаева кыргыздын улуттук ар намысын кемсинткен ырчылардын кыргыз маданиятын семит маданиятына кийим аркылуу тебелеткени туура эместигин ачык айтып чыкты. Бул жерде аны колдойбуз жана улуттун кызыкчылыгын көздөп чуркап иштегени үчүн чексиз алкыш айтабыз!», - деди  белгилүү жазуучу Абдымамбет Сариев билдирди.

«СССР тарагандан кийин Кыргыз Республикасы эгемендүүлүккө ээ болгону менен мурдагы атеизмдин бош калган ордун ар түрдүү диний секталар, исламдын радикалдуу агымдары, КПССтин саясатынан ордун саясий багыттагы бейөкмөт уюмдар ээледи.

Мындай диний жана саясий диверсияга коңшу Өзбекстандын, Түркмөнстандын ж.б. коңшу өлкөлөрдүн өлкө башчылары такаат берип, каршылык көрсөтүү, коргонуу чараларын иштеп чыгып, турмуш жүзүнө ашырды...

30 жыл аралыгында Кыргызстандын өлкө бийлиги жогоруда аталган диний жана саясий маселеде аларды ээн жайкын коё бергени аз келгени аз келгенсип, дин тутуу эркиндиги, демократиянын «принциптери» дегендерди мыйзамдарга киргизип, кой короого карышкырды киргизгендей трагедиялуу кадамдарга барышты.

Мына ушундай татаал, оор, башаламан учурду эптүүлүк менен пайдаланган диний миссионерлер, саясий лидерлер айрым чет өлкөлүктөрдүн тапшырмасын аткарып, элди руханий жактан талкалоо, ырыс-ынтымагын кетирүү, улуттук баалуулуктарды жок кылуу «ишмердүүлүктөрүн» ачык айкын жүргүзүшүп, карапайым элдин, өлкөнүн кызыкчылыгын акчага сатып, ичтен бүлүндүрүп, иритүүнү улут безерлик, саткындык, чыккынчылык менен турмуш жүзүнө ашырышты.

Алар ММКларды колдонуп - радио-теле, интернет жана гезит, журнал, китеп чыгаруу, чогулуш өткөрүү, даваат кылуу аркылуу өтө активдүү аракеттенишип, көздөгөн максаттарына жетишти...

Идеялык жактан эл бөлүнүп диний жана саясий көз караштар боюнча ата менен бала, эне менен кыз, дос-жолдоштор, жердештер, тууган-уруктар бөлүнүп, өлкөнүн эли ичинен ыдырап бул оор кырдаал мамлекеттин стабилдүү өнүгүп-өсүшүнө, эгемендүү жашоо сүрүшүнө коркунуч туудурду.

Кыргыз элине карата диний жана саясий экспансия күчөгөн учурда кыргыз мамлекетинин кызыкчылыгын көздөгөн, кыргыз улутунун руханий баалууктарын, ар намысын коргогон уул кыздар – азыркы замандын баатырлары пайда болду. Алардын бири патриоттук духу күчтүү, кыргыздын тилин, салтын, Манасын, тарыхын, улуттук кийимдерин коргогон ар намыстуу кыргыздын баатыр кызы Гүлжан Каримовна Кыргыз Республикасынын Конституциясынын башындагы бешинчи абзацтагы; «ата-бабабыздын наркын, салтын сактап, Айкөл Манастын осуяттарына таянып», деген сүйлөмдү, 1-беренедеги; «Кыргыз Республикасы (Кыргызстан) - көз карандысыз, эгемен, демократиялык, унитардык, укуктук, светтик жана социалдык мамлекет» деген негизги мыйзамды,

«1. Кыргыз Республикасында эч бир дин мамлекеттик же милдеттүү дин катары кабыл алынышы мүмкүн эмес.

2. Дин жана бардык диний ырасымдар мамлекеттен ажыратылган.

3. Диний бирикмелердин, дин жана ырасымдардын кызматчыларынын мамлекеттик бийлик органдарынын ишине кийлигишүүсүнө тыюу салынат», деген 9-беренени, кыргыз элинин сакталып тукум улоосун негиз болгон 20-беренедеги;

«1. Үй-бүлө - коомдун негизи. Үй-бүлө, аталык, энелик, балалык коомдун жана мамлекеттин коргоосунда турат.

2. Атаны, энени урматтоо жана камкордук көрүү - балдардын ыйык парзы.

3. Балдар - Кыргыз Республикасынын эң баалуу байлыгы. Мамлекет балдардын ар тараптуу руханий, адеп-ахлактык, интеллектуалдык жана дене-бой жактан өнүгүүсүнө өбөлгө болуучу шарттарды түзүү менен аларды мекенчилдикке жана атуулдукка тарбиялайт», деп так жазылган мыйзамдашкан эрежени жетекчиликке алып, аны колдонууга чакырды...

Тактап айтканда, ал кыргыз улутун кийимдердин чанбоого, семит элдерине таандык христиан дүйнөсүндөгү монастрлардагы кечил аялдар кийген жана ислам дүйнөсүндөгү араб аялдары кийген улуттук кийимдерди көчөдө туруп алып, кыргыз аялзатына кийгизген ырчылардын кийим аркылуу динди реклама кылганы туура эмес экендигин айтты.

Гүлжан Каримовна кыргыздын улуттук ар намысын кемсинткен (КР КЖК 330-берене) ырчылардын кыргыз маданиятын семит маданиятына кийим аркылуу тебелеткени туура эместигин ачык айтып, улуттук ар намысты коргоого чакырып патриоттук иш кылып, КР Конституциясы 34-беренесиндеги дин тутуу эркиндигин бурмалап пайдаланган ырчылардын чыныгы жүзүн ачты.

Эгерде биз бул маселеде кайдыгер болсок, КР Конституциясындагы дин тутуу эркиндигин, сөз эркиндигин бурмалап, элдин ырыс-ынтымагына, мамлекеттин бүтүндүгүнө каршы динди жана саясатты пайдалануу аркылуу руханий диверсия жасагандар күчөйт. Элди ичтен ириткен, айрым чет өлкөлөрдүн тапшырмасын аткарып акчага иштеген бир ууч улут саткындары-радикал исламчылар ого бетер кутурат!

Эгерде биз Конституция баш болгон аракеттеги Мыйзамдарга баш ийбесек, салт менен жашабасак, кыргызды кылымдардан бери сактап келген тилин, салтын, Манасын, тарыхын, кийимин ж.б. руханий баалуу мурастарын Гүлжан Каримовнага окшоп коргобосок анда Кыргызстан 10-15-жылдан кийин чет өлкөлүктөрдүн диний жана саясий полигонуна айланып, келечек муундун убалына калабыз.

Мындай кыл чайнашкан, кыргыз элинин келечек тагдыры боюнча жаралып жаткан оор сыноодо улуттун ар намысы үчүн күйүп-бышкан баатыр кыз Гүлжан Каримованы колдойбуз жана улуттун кызыкчылыгын көздөп чуркап иштегени үчүн чексиз алкыш айтабыз!», - деп белгилеген жазуучу Сариев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости