www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жыл башынан бери онго жакын массалык уулануу катталды

Кыргызстанда жыл башынан бери массалык түрдө тамак-аштан уулануу боюнча сегиз факты катталды. Бул тууралуу Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинен билдиришти.

Республика боюнча жалпысынан 84 тамак-аштан уулануу фактысы катталып, 408 адам жабыркады.

Жабырлануучулардын клиникалык материалдарын жана тамак-аш азыктарынын үлгүлөрүн лабораториялык изилдөөдө Salmonella enteritidis, Staphylococcusaureus, E. coli жана башкалар сыяктуу бактериялык инфекциялардын козгогучтары табылды.

Башкармалык кошумчалагандай, бактериялык инфекциянын козгогучтары тамак-аш азыктарына кир кол, булганган кайра иштетүүчү жабдуулар жана ашкана идиштери, кемирүүчүлөр жана башкалар аркылуу кириши мүмкүн. Тамак-аш азыктарын даярдоонун технологиясын, сактоо шарттарын жана сатуу мөөнөттөрүн бузуу микробдордун андан ары көбөйүшүнө алып келет. Натыйжада адам мындай тамак-аш азыктарын жегенден кийин ооруп калат.

Эске салсак, массалык уулануу акыркы жолу Кадамжай районунда катталган. Тойдон кийин 122 адам дарыгерлерге кайрылган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости