www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тоолуу Карабактагы этникалык армяндардын түзүмү Азербайжандын аскерлери менен атышуудан кийин аталган жикчил аймакта кырдаал турукташканын маалымдады. Алар эки аскери өлгөнүн, 14 аскери жарадар болгонун билдирди.

Өз кезегинде Азербайжандын бийлиги армян тараптын ок атуусунун улам Лачын районунда бир жоокери каза болгонун маалымдады.

Аймакта чыңалуу 1-августтан тартып күчөй баштаган. Тараптар 3-августта атыша кеткен. Баку менен жикчилдер бири-бирин айыптаган.

Азербайжандын Коргоо министрлиги орусиялык тынчтык орнотуучу күчтөрдүн көзөмөлүндө турган аймактагы азери аскерлерин Армениянын күчтөрү аткылаганын билдирсе, Тоолуу Карабактагы этникалык армяндар өз кезегинде Азербайжанды "ок атууну токтотуу режимин одоно бузган" деп айыптап, учкучсуз учактар жана гранатометтор менен чабуул жасаганын маалымдады.

Баку соңку тирештин натыйжасында талаштуу аймактагы бир чокуну өз көзөмөлүнө алганын ырастады. Тоолуу Карабактын эл аралык коомчулук тааныбаган башчысы Арайк Арутюнян болсо жарым-жартылай мобилизациялоо боюнча жарлыкка кол койгон.

Соңку атышууга байланыштуу Орусия Азербайжандын бийлигин ок атышпоо режимин бузду деп айыптаса, Кошмо Штаттар менен Евробиримдик ок атышууну тез арада токтотууга үндөшкөн.

Армения менен Азербайжан 2020-жылы Тоолуу Карабак аймагын талашып, катуу кагылышкан. Армения тараптан 4 миңдей, Азербайжан тараптан 3 миңдей адам каза болгон. Бул жаңжалда Азербайжан Тоолуу Карабактагы мурда Армения көзөмөлдөп турган бир нече районду жана Шуша шаарын кайтарып алган.

Шаарды алгандын эртеси Армениянын премьер-министри Никол Пашинян, Азербайжандын президенти Илхам Алиев жана Орусиянын президенти Владимир Путин аталган чөлкөмдө ок атышууну токтотуу тууралуу келишимге кол коюшкан.

Келишимге ылайык, Армения менен Азербайжан ал кол коюлганга чейин өз аскерлери ээлеп турган аймактарды башкарып турмак болгон. Кесилишкен тилкени Орусиянын тынчтык орнотуучу күчтөрү кайтарып жаткан. Бул жерде Орусиянын тиешелүү контингенти 1960 аскер, 90 чопкутталган автоунаа, 380 автоунаа жана башка атайын техникадан турары маалымдалган.

Армения менен Азербайжан Тоолуу Карабакты талашып, алгач 1980-жылдары согушкан. Жикчил аймактагы 1988-1994-жылдардагы согушта 30 миңдей адам өлгөн, 100 миңден ашуун адам качкын болгон же жер которгон. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости