www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Муфтият дин тутуу эркиндигин элге туура эмес түшүндүрүп, балким өзү түшүнбөй же түшүнбөмүш болуп катуу бурмалоодо. Мындай пикирин жазуучу Абдымамбет Сариев билдирди.

"Муфтият, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 34-беренесиндеги;

1. “Ар бир адамга абийир жана дин тутуу эркиндиги кепилденет.

2. Ар бир адам өзүнчө же башкалар менен бирге каалаган динин тутууга же эч бир динди тутпоого укуктуу.

3. Ар бир адам диний жана башка ынанымдарды эркин тандоого жана тутууга укуктуу” деген мыйзамды кыянаттык кылып бурмалоо менен пайдаланып, провокация жасоодо.

Далилдейли: 

Конституциясынын 34-беренесиндеги 1. “Ар бир адамга абийир жана дин тутуу эркиндиги кепилденет” деген бул – “мамлекеттик мекеме болгон мектеп системасына кийгилише бер, мектеп дирекциясын кысымга ал, бирдиктүү мектеп формасына каршы чык!” дегендик эмес!

Биринчиден: Кийим, тактап айтканда мектеп формасы же хиджап-жоолук бул – көзгө көрүнүп турган, колго кармала турган материалдык нерселер. Ал эми дин бул – көзгө көрүнбөй турган, колго кармалбай турган руханий нерсе. 

Окуучунун бирдиктүү формасы бул – мамлекеттик мекеме болгон мектеп системасына таандык кийим. Хиджап-жоолук бул – араб, еврей, пакистан, ооган элдерине таандык улуттук баш кийим. Динди бетке кармап башка улуттун кийимин мектеп окуучуларына таңуулоо бул – мектеп дирекциясын, Жогорку Кеңеште маселе көтөргөн депутат А. Малиевди жана Өлкө Бийлигин дин аркылуу кысымга алуу болуп эсептелет.

Диниңди эркин тута бер (34-берене) бирок, мамлекеттик мекеме болгон мектепке кийгилишпе, мектеп формасын бузба, башка улуттун кийимин мектеп окуучуларына таңуулаба! 

Экинчиден: Муфтият бул жерде башка улуттун баш кийими болгон жоолук салынуу маселесин бетке кармап, динди жамынып, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын Конституциясынын 9-беренесиндеги;

“1. Кыргыз Республикасында эч бир дин мамлекеттик же милдеттүү дин катары кабыл алынышы мүмкүн эмес” деп,

2. Дин жана бардык диний ырасымдар мамлекеттен ажыратылган” деп, 

3. Диний бирикмелердин, дин жана ырасымдардын кызматчыларынын мамлекеттик бийлик органдарынын ишине кийлигишүүсүнө тыюу салынат” деп жогоруда жазылган мыйзамдарга ачык каршы чыгууда! 

Үчүнчүдөн: Муфтият бул жерде Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 1-беренесиндеги; 

“Кыргыз Республикасы (Кыргызстан) - көз карандысыз, эгемен, демократиялык, унитардык, укуктук, светтик жана социалдык мамлекет” деп жазылган  мыйзамды тоотпой, светтик мамлекетти теократиялык мамлекетке айландыра турган диний башкаруудагы бийликти жүргүзүүнү жоолук аркылуу ачык пропагандалоодо!

Төртүнчүдөн: Муфтият, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 34-беренесин бурмалап, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 9-беренесин бузуп, анысы аз келгенсип, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын башындагы, “... ата-бабабыздын наркын, салтын сактап, Айкөл Манастын осуяттарына таянып,” деген мыйзамды тебелеп, кыргыздын салтындагы эрге тие элек, келин боло элек кыз ээгин ороп жоолук салынбай турган эрежесин кордоп, Кыргыз Республикасынын  Кылмыш-Жаза Кодексинин 330-беренесиндеги, “... улуттук ар-намысты кемсинтип,..” жоолук аркылуу өз максатын ачык жар салууда.

Муфтияттын  мындай ачык билдирүүсү радикал исламчылардын мектеп мугалимдерине хиджап-жоолук аркылуу чабуул коюусуна, окуучулардын жана ата-энелердин бөлүнүп-жарылуусуна, мамлекеттик мекеме болгон бюджеттен каржыланган мектептерди талаш-тартыштын, ызы-чуунун майданына айландыруусуна кеңири жол ачат!

Мунун өзү диний экстремизмдин кеңири кулач жайуусуна, кыргыз элинин диний көз караш боюнча ырыс-ынтымагынын кетүүсүнө, светтик мамлекетти теократиялык мамлекетке айландырууга аракет кылган радикал-исламисттик көз караштагы динчилдердин чырагына май тамызууга, өлкөнү ичинен бөлүп-жарып, бүлдүрүп, Кыргыз Республикасынын бүтүндүгүнө, эгемендигине, көз карандысыздыгына олуттуу зыян кесепетин тийгизет!

Эч кимдин жана эч бир диний уюмдун Кыргыз Республикасынын Конституциясын бузууга жана бурмалоогг, кыргыз элинин улуттук салтын, наркын тебелеп-тепсөөгө укугу жок!

Муфтият дин тутуу эркиндигин(КР Конституциясы 34-берене) бурмалоону токтотсун! Өлкө бийлиги Конституциянын гранты!", - деп жазган Абдымамбет Сариев.

Эскерте кетсек, буга чейин Муфтият соңку убактарда социалдык тармактарда талкууланып жаткан жоолук маселеси боюнча билдирүү жасаган. Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы Жогорку Кеңештин депутатынын жоолук боюнча айткан пикири Баш мыйзамда кепилденген дин тутуу эркиндигине каршы келерин белгилеген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости