www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун башкы катчысы Султан Раев Түркмөнстандын Министрлер Кабинетинин төрага орунбасары - тышкы иштер министри Рашид Мередов менен жолугушту. Бул тууралуу Раев билдирди.
Маалыматка ылайык, жолугушууда түрк дүйнөсендөгү маданий интеграциялык процессти жандандыруу багытындагы орчундуу маселелери талкууланган.
«Министрлер Кабинетинин төрага орунбасары ТҮРКСОЙдун бардык демилгелерин колдоого, маданий долбоорлорго активдүү катышууга өлкө ынтызарлыгын билдирди. Түркмөнстанда маданиятка өзгөчө көңүл бөлүнүп, өлкөнүн руханий баалуулуктары приоритеттүү багытка айланууда. Мыкты заманбап театрлар, музейлер, концерттик залдар, китепканалар алдыңкы инновациялык технология менен жабдылган.
ТҮРКСОЙ эл аралык уюму «2024-жылды - улуу акын, ойчул, философ Махтумкули Фирагинин Жылы» деп жарыялоону демилгеледи. Түркмөнстандын Дашовуз шаары 2024-жылы Түрк дүйнөсүнүн маданий Борбору статусуна талапкер шаарлардын бири катары да каралууда.
Бул маселени Министрлер Кабинетинин социалдык маселелер боюнча төрага орунбасары Мехрижамал Мамедова, өлкөнүн маданият министри Атагелди Шахмурадов менен да талкууладык», - деп билдирди Раев.
Ошондой эле, Түркмөнстан ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунда толук кандуу негизде маданий алаканы күчөтүү ниетин билдирген.
Булак: NazarNews.kg