www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

1990-жылдардан кийин чет элден каржыланган, акчага улутту саткан жергиликтүү диний миссионерлердин колу жана оозу менен жайылып, жаштарды азгырып, ак жолунан адаштырып, кыргыздын салтына, үрп-адатына, дүйнөгө болгон көз карашына, Манасына, тарыхына, улуттук баалуулуктарына катуу чабуул койгон радикал исламчылар пайда болду.

Радикал исламчылардан асман жердей айырмасы бар салттуу ислам Ханафий мазхабды негиздеген Абу Ханифа ан-Нуман ибн Сабит аль-Куфи 699-жылы 5-сентябрда Эль-Куф шаарында туулуп, 767-жылы 18-июнда Багдад шаарында дүйнөдөн кайткан.

Абу Ханифа ан-Нуман ибн Сабит аль-Куфи дуйнөдөгү мусулмандар арасында муккадас жана факих, укуктаануу боюнча сүнөт (сунит) багытындагы төрт мазахабдын бири болгон ханафит мазхабындагы мектепти негиздеген белгилүу Кудай таануучу болгон.

Ислам дүйнөсүндө миңдеген эмгектерди жазган Абу Ханафи имамдардын арасында жападан жалгыз өзү, «Имамдардын улугу» же «Имам-Азам» деген даражага (титулга) ээ болгон.

Кайталап айтсак, биздин ата-бабалар кыргыздын салтына, үрп-адатына, улуттук баалулуктарына, дүйнөгө болгон көз карашына каршы келбегендиги үчүн салттуу ислам болгон дал ушу Абу Ханифа ан-Нуман ибн Сабит аль-Куфи негиздеген салттуу ислам Ханафий мазхабды тутунуп келген.

Тилекке каршы, 1990-жылдардан кийин эгемендикке ээ болгон Кыргызстанга ж.б. КМШ өлкөлөрүнө айрым чет өлкөлүктөр тарабынан, «демократия, сөз эркиндиги, дин тутуу эркиндиги, адам укугу, аз улуттардын укугу, гейлердин укугу, баланын укугу, аялдын укугу…» ж. б. «укуктарды жана «эркиндиктерди» ярлык кылып бетке кармаган саясий жана диний экспансия күчөдү.

Жыйынтыгында, атеисттик окууларды, «Билим» коомун, «Китеп сүйүүчүлөр коомун» ж.б саясй-руханий багыттагы бөлүмдөрдү жетектеп турган кубаттуу пропаганда-агитатция «машинасы» жоюлуп, жок болуп, алардын бош калган ордун жогоруда айтылган саясий жана диний НПОчулар ээлеп, ансыз да кыйналып, чачырап жашоо-турмуштан кыйналган, жумушсуз, ачка элди ара тарапка бөлүп радикалдуу диний агымдар селдей болуп агып кирди. Бул диний апааттан Борбордук Азиядагы Өзбекстан гана бир аз такаат берип, динчилдерди камап, мечиттерин жаап, сакалдарын кыркып тартипке салууга аргасыз болду…

Кыргызстанда белгилүу болгондой радикалдуу агымдарды чектеген тартип болбой 2014-жылы гана бир аз көңул бурулуп, «Кайран элим кайда барабыз?» аттуу плакаттар илинип, элдин көңүлүн бурду.

1990-жылдардан кийин Кыргызстандагы мечиттерди, медреселерди чет өлкөлөрдөгү ар кайсы Мазхабдарга баш ийген диний окуу жайлардан билим алып келишкендер акырындап ээлеп, кимиси кайсы Мазхабда болсо ошону окутуп жана элге жайып, салтуу ислам болгон Ханафий Мазхабдын тартиптерин өзгөртүп, өзүн биротоло жок кылып диний жайлардан (медресе, мечит, намазкана ж.б.) сүрүп чыгарды.

Бул үч себептен улам ишке тездик менен ашты:

Биринчиси, Аравия өлкөлөрүнөн жана Пакистандан диний окуу жайлардагы ар кайсы Мазхабдардын тарти мене окуп келгендердин көбөйүшү жана медресе, мечиттерди ээлеши;

Экинчиси, чет өлкөлүктөрдөн каражат алып, динийф коомдорду, фонддорду ачкан жергилтктүу диний миссионерлердин-лидерлердин акчага азгырылып кыргыз улутунун салтын, улуттук баалуулуктарына кыйратуучу чабуул койгон иштерине отчет берип, ал жоруктары үчүн улам каражат сурап, ММКларды ээлеп, китептерди чыгарып, диний жыйындарды өткөрүп, элдин санын көбөйтүп, четтеги кожоюндарынын тапшырмаларын так жана ыкчам аткарып туруусу.

Үчүнчүсү, мечиттерде ж.б. диний жайларда салттуу ислам Ханафий Мазхабды тутунган молдолордун картайып, жаңы окуп келгендерге орун бошотушу жана Ханафийге каражат келбей, элди ичинен иритип, бөлүп-жара турган радикалдуу агымдардын лидерлерине каражаттын агып келиши.

Мына ушундай себептердин кесепетинен 1927-жылы диний жактан бөлүп-жаруу үчүн Индиядагы англичан солдаттардын аскер казармасынын коменданты, Британиянын шпиону, подполковник Эдвард Лоуренстин уюштуруусу менен жергиликтүү диний миссионер Кенхелевини башына койгон «Таблиги Жамаат» агымы;

1927-жылы Саудияны ээлеп алган Муххаммад ибн, Абд уль Ваххабдын (Мухаммед САВга шакирттери ант берген зор даракты кыйдырган, Хадичанын күмбөзүн талкалаган киши) мураскорлору,

1928-жылы Египетте Хасан Эль Бана негиздеген «Бир тууган мусулмандар» Шериктештиги;

Азыркы учурда Пакистан менен Авганистанда аракетин жүргүзүп жаткан, 1941-жылы Индияда англичандардын колдоосу менен Мавляной-аль-ала-Мавдуди аттуу диний үгүттөөчү негиздеген «Жамат-и-ислами» кыймылынын мүчөлөрү,

Египетте Сайед Кутб негиздеген ультрарадикалдуу агымдарга кирген «Исламский жихад» жана «Джамаа исламийа» террордук уюмдары,

ХХ-кылымдын аралыгында салафизм агымынан бөлүнүп чыккан Авганистанда, Борбордук Азияда аракеттенген «Такфиристик-жихаттык» агымынын өкүлдөрү

Туркиянын динчил интеллигенциясынын арасында кеңири маалым болгон нуржистердин-гюленчилердин агымынын кыргыздын билимдүү жаштарынын арасында кеңири таратылышы

Мына ушинтип исламдагы ар кандай агымдардын, секталардын мүчөлөрү исламды жамынып, «элди ыйманга чакырабыз, Аллахты таанытабыз, ислам акыркы дин, пайгамбарыбыз ушинтип айткан, даваатка чыккыла» деген чакырыктар менен жергиликтүү акча үчү баарын берүүгө даяр болгон диний саткын лидерлердин оозу жана колу менен кыргыз элин бөлүп-жарып, ырыс-ынтымагын кетирип, баласы менен атасын, кызы менен энесин, бир туугандарды, досторду бирине бирин диний көз карашта талаштырып, касташтырып, ичтен иритип, мамлекетти талкалоо, көз каранды кылуу пландарын ишке ашыра башташты…

Кыскача жыйынтыктап айтканда, Кыргызстанда жашап жаткан элдердин ичиндеги 80% эл – салттуу ислам болгон Ханафий Мазхабды тутунган, 5 парзды аткарса аткарып, аткарбаса жок, намаз деле окубаган, айрымдары окумуш эткен, кыргыздын салты, үрп-адаты менен жашаган өзүлөрүн «мен мусулманмын» деген адамдар.

Бул 80 % мусулмандын ичинен бөлүп карасак, 10% ти жогоруда баяндалган, кыргыздын салтына, үрп-адатына, улуттук баалуулуктарына, тарыхына, Манасына катуу чабуул жасап, ичинен иритип, жаштарды азгырып бузган, элдин ынтымагын кетирип бөлүп-жарган, ызырынып сөгүнгөн, «башыңарды кесебиз!» деп опузалган радикалдуу исамчылар болуп эсептелет. (1888-1935-жж.) (699-767).

Бул радикал исламчылардын салттуу ислам болгон Ханафий Мазхабдан айырмаланган жери дал ушунда!

Абдымамбет Сариев, жазуучу 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости