www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Анкара Украина портторунан эгин экспорттоо боюнча Орусия, Украина, Түркия жана Бириккен Улуттар Уюмунун жолугушуусун өткөрүү сунушуна Москвадан жооп күтүп жатат. Бул тууралуу Түркиянын тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу Чехиянын тышкы иштер министри Ян Липавски менен болгон сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча маалымат жыйынында билдирди.
«Биз Анкарада (Орусиянын тышкы иштер министри) Сергей Лавров менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдүк, анда биз (Орусия менен Украинанын ортосундагы) сүйлөшүүлөрдү кайра жандантуу жана эгин жеткирүүгө коюлган чектөөлөрдү алып салуу маселелерин талкууладык.
БУУ тарабынан сунушталган (Украина портторунан эгин экспорттоо) планы эң ылайыктуу жана тараптар аны талкуулашы керек деп эсептейбиз. БУУнун сунушу болгон бул маселе боюнча Орусия, Украина, Түркия жана БУУнун ортосунда Стамбулда жолугушуу өткөрүүгө даяр экенибизди билдирдик.
Биздин позициябыз так айтылды, азыр жолугушуу боюнча да, башка деталдар боюнча да Орусиядан жооп күтүп жатабыз», - деди ал.
Чавушоглунун айтымында, Түркия келечекте бул маселелерге көңүл бурууну улантат.
Маалымат үчүн айта кетсек, 8-июнда Орусия менен Түркиянын тышкы иштер министрлери Сергей Лавров менен Мевлют Чавушоглу Анкарада сүйлөшүү учурунда «дан коридорун» түзүү маселесин талкуулашты.
Буга чейин орус президенти Владимир Путин Киев портторун миналардан тазаласа, Москва украин эгиндерин ташыган кемелердин тоскоолдуксуз өтүшүнө кепилдик бере аларын жана Украинанын Бердянск жана Мариуполь өңдүү орустар көзөмөлдөгөн порттору аркылуу товарларды экспорттоого уруксат бере аларын билдирген.
Ал дүйнөлүк азык-түлүк рыногундагы көйгөйлөр 2020-жылдын февраль айында башталганын эске салып, Орусиянын Украина портторундагы эгинге бөгөт койгону тууралуу билдирүүлөрдү «блеф» деп атады.
Ошондой эле ушул жылдын 2-июнунда Орусия, Түркия, Украина жана Бириккен Улуттар Уюму Украина портторунан айыл чарба продукциясын экспорттоо үчүн коопсуз коридордун иштешин камсыздай турган жол картасы - Стамбул планын даярдашкан.
Стамбулдагы координациялык борбордун ишке кириши украин портторуна 20 миллион тонна эгинди дүйнөлүк рынокко экспорттоого мүмкүндүк берет.
Жол картасынын чоо-жайын талкуулоо үчүн жакынкы күндөрдө Стамбулда бардык кызыкдар тараптардын жыйыны өткөрүлүшү күтүлүүдө. Төрт тараптуу форматта маршруттук каттам, камсыздандыруу, кемелердин коопсуздугу, портту миналардан тазалоо, ошондой эле Башкаруу борборунун курамы сыяктуу маселелер каралат.
Булак: NazarNews.kg