www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бул жылы Борис Немцов атындагы сыйлык Украинанын президенти Владимир Зеленскийге ыйгарылды. Бул тууралуу жекшембиде Борис Немцов атындагы “Эркиндик үчүн” фонду билдирди.
Фонд быйыл сыйлыкка Украинанын өкүлдөрүн гана көрсөтүүнү чечкен. Алардын арасында Киевдин мэри Виталий Кличко, Украинадагы “Голос” партиясынын негиздөөчүсү, рок ырчысы Святослав Вакарчук, согуштук медициналык ыктыярчылар отрядынын негиздөөчүсү Юлия Паевская, Украинанын президентинин аппарат жетекчисинин кеңешчиси Алексей Арестович да бар.
Орусиядагы оппозициячыл саясатчы Борис Немцов 2015-жылдын 27-февралында Москвада өлтүрүлгөн. Буга байланыштуу чеченстандык беш адам камалган. Саясатчынын тарапташтары иликтөө тийиштүү түрдө жүрбөгөнүн, өлтүрүүгө буйрук берген адам аныкталбаганын билдирип келишет.
Алар бул үчүн Орусиянын президенти Владимир Путинди да күнөөлөп жүрүшөт.
Эске салсак, Орусия Украинага каршы согушту 24-февралда баштаган. Путин анын максаты "сегиз жылдан бери Киев режиминин басмырлоосуна, геноцидине кабылып келгендерди коргоо" жана бул үчүн "Украинаны демилитаризация жана денацификация" жасап жана Донбасстагы "жай жашоочулардын канына забын болгондорду" аскер сотуна берип, жоопкерчиликке тартуу пландалып жатат, деп айткан.
Орусия - анын куралдуу күчтөрү аскерий соккуларды Украинанын аскердик инфраструктурасы менен күч түзүмдөрүнө уруп жаткандыгын, жай жарандарга багытталбагандыгын билдирет. Орусиянын колдоосу менен ДЭР жана ЛЭР топтору да өз аракеттерин улантууда. Путин - Украинаны оккупациялоо туурасында кеп жок экенин айтат.
Ошондон кийин АКШ жана НАТО өлкөлөрү Орусияга карата буга чейин болуп көрбөгөндөй катаал санкциялык чектөөлөрдү киргизген. Москва Батыштын мындай аракетин "экономикалык согуш" деп атоодо.
Үч айдан ашкан согушта эки тараптан тең аскерлер жана жайкын тургундардан миңдеген курмандыктар катталды.
Булак: NazarNews.kg