www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

 Орусиянын президенти Владимир Путин соттуулугу бар адамдарга таксист же автобус менен трамвай айдоочусу болуп иштөөгө тыюу салган мыйзамга кол койгонун РИА Новости агенттиги жазды.

Ага ылайык, коомдук транспортту төмөндөгүдөй оор жана өзгөчө оор кылмыш жасап, жаза мөөнөтү бүтө элек же соттуулугу алына элек адамдар айдай албайт:

коомдук коопсуздукка каршы;

конституциялык түзүлүштүн негиздерине жана мамлекеттик коопсуздукка каршы;

тынчтыкка жана адамзаттын коопсуздугуна каршы.

Эреже ЕАЭБ мамлекеттеринин мыйзамында каралган ушундай эле кылмыш жасаган жарандары үчүн да иштемекчи.

Таксисттердин мындан тышкары төмөнкүдөй кылмыштар үчүн да соттуулугу болбошу керек:

адам өлтүрүү;

атайылап адамдын ден соолугуна оор залака келтирүү;

адам уурдоо;

талап-тоноочулук;

каракчылык;

адамдын жыныстык кол тийбестигине жана эркиндигине каршы кылмыштар.

Мында такси айдоочулары орточо оордуктагы кылмыштар үчүн да соттолбогон болушу шарт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости