www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
"Ала-Тоо" аквапаркындагы баланын өлүмүнө байланыштуу № 95 мектептин директору Айгүл Шимова иштен алынды. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, аквапарктагы окуяга байланыштуу мэрия тарабынан түзүлгөн комиссия 9-июнда өз ишин аяктаган.
"Мектеп директору Эмгек кодексинин 83-беренеси (Иш берүүчүнүн демилгеси боюнча эмгек келишимин бузуу) менен иштен алынды. Андан тышкары, жазган арызынын негизинде 6 мугалим иштен алынды, иш берүүчүнүн демилгеси менен директордун 2 орун басары ээлеген кызматынан бошотулду", - деп айтылат билдирүүдө.
Бишкек шаарынын вице-мэри Виктория Мозгачева, Шаардык билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Назгүл Лосникова каза болгон баланын апасы менен жолугуп, алардын үй-бүлөсүнө социалдык кызматкер дайындаган.
Булак: NazarNews.kg