www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Радикалдуу динчилдер Мелис Мураталиевге асылуу аркылуу мамлекеттик иштерге кийгилишип, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын буза башташты!

Кыргыздын мекенчил уулу, коомдук ишмер Мелис Мураталиевди каралоо аркылуу Кыргызстанда улуттук, диний аралык кастыкты козутуп, бир бүтүн улут болгон кыргыз элин, “теңирчи, мусулман” деп атайылап бөлүп-жарып, радикалдуу диний көз караш аркылуу ырыс-ынтымагын кетирүүгө аракет кылып, кыргыздын улуттук ар-намысын кемсинтип, Интернет тармактарынын жардамы менен аны массага жайылткан мыйзамсыз уюшкан диний топ пайда болду.

Булар Интернет айдыңында демдүү болуп бирин бири колдоп, дароо үн кошуп катуу активдеше баштады.

Бул топтун башында кимдер турат, кайсы жактан каржыланат?

Мына ушул тартипсиздикти тактоо үчүн укук коргоо органдары аркылуу иликтөөгө алдырып мыйзам чегинде жоопкерчилигин кароону Өлкө Бийлиги катуу көзөмөлгө албаса радикал исламчылар Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 1-беренесиндеги:

“1. Кыргыз Республикасы (Кыргызстан) - көз карандысыз, эгемен, демократиялык, унитардык, укуктук, светтик жана социалдык мамлекет” деген,

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 8-беренесиндеги:

3. “Кыргыз Республикасында төмөнкүлөргө тыюу салынат” деген пунктундагы: “3) ... диний бирикмелердин саясий максаттарды көздөшүнө;” деген пунктчасындагы,

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 9-беренесиндеги:

“1. Кыргыз Республикасында эч бир дин мамлекеттик же милдеттүү дин катары кабыл алынышы мүмкүн эмес.

2. Дин жана бардык диний ырасымдар мамлекеттен ажыратылган.

3. Диний бирикмелердин, дин жана ырасымдардын кызматчыларынын мамлекеттик бийлик органдарынын ишине кийлигишүүсүнө тыюу салынат” деген,

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 21-беренесиндеги:

“1. Мамлекет адам укугун жана эркиндигин кемсинтпеген наркты, үрп-адаттарды жана салттарды сактоо менен Кыргызстан элинин маданиятынын өнүгүүсүнө камкордук көрөт.

2. Улууларды урматтоо, кичүүлөрдү ызааттоо - элдин ыйык салты.

3. Мамлекет Кыргызстан элинин тарыхый, материалдык жана руханий мурастарын коргойт” деген Мыйзамдарды тоотпой, мамлекеттик иштерге диний расымдарды аралаштырып, ислам динин Кыргызстандын милдеттүү дини катары жарандарга үгүт-насаат кылууда...

Ушинтип булар элди бөлүп-жарып отуруп, акыр-аягында диний-жарандык чыр-чатак чыкса (Ирак, Сирия, Ооган ж.б. сыяктуу) булардын айынан өлкөнүн абалы, элдин абалы эмне болот?

Кыргызстанда мыйзамдарды бузууга, диний-радикалдашууга жол берилбесин!

Радикалуу көз караштагы динчилдер Конституцияны бузбасын, мамлекеттик иштерге кийгилишпесин!

Абдымамбет Сариев, жазуучу

Булак: NazarNews.kg

Последние новости