www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жазуучу Абдымамбет Сариев жалпы акын-жазуучулардын атынан өлкө башчы Садыр Жапаровго Кайрылуу жасады.
Урматтуу президент Садыр Нургожоевич, СССР ыдырагандан кийин айрым чет мамлекеттер эгемендикке ээ болгон өлкөлөрдү руханий жактан талкалап, ичинен иритүү максатында ар кандай программаларды иштеп чыгышып, аны карыз берүүгө байлашып, ПЕСАК программасы менен завод-фабрикаларды талкалаганга окшош ыкманы ойлоп табышкан.
Жыйынтыгында Кыргызстандагы жалпы массаны ар бири өз тармагы менен мамлекеттин, элдин кызыкчылыгы үчүн бир багытка буруп тарбиялап жол көрсөтүп, үгүт-насаат жасай турган зор “армия” – жазуучулар союзу, сүрөтчүлөр союзу, композиторлор союзу, архитекторлор союзу мамлекеттин камкордугунан ажыратылып, кароосуз калган.
Анын кесепетинен бул зор “армиянын” ордун саясий жактан Кыргызстанды талкалоочу бейөкмөт уюмдар, руханий жактан талкалоочу диний уюмдар ээлеп, башаламандык өкүм сүрүп, мамлекет негизги каражатынан – руханий-саясий куралынан ажырап, “сөз эркиндиги, аз улуттардын укугу, дин тутуу эркиндиги” ж.б. толгон-токой “укуктарга” жана “эркиндиктерге” жамынган, чет элден каржыланган саясий-диний коомдор, фонддор, уюмдар, институттар пайда болуп, өлкөнүн элинин бөлүнүп-жарылуусуна, ырыс-ынтымагынын кетүүсүнө, өлкө бийлигинин алсыздануусуна, мамлекеттин өнүкпөй артка кетип, четтиктердин догурунуп, “мындай кылбасаңар бербейбиз” деп талап койгон карыздарга батуусуна себепкер болгон.
Сөздү кыскартып айтканда, жогоруда айтылгандай жалпы массаны тарбиялоочу, бир багытка буруучу, өлкөнүн элин ырыс-ынтымакка чакыруучу Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзу бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн иш башкармалыгына караштуу “Мамлекеттик имараттар департаменти” мамлекеттик ишканасына 2018–жылдын 31–декабрына карата коммуналдык төлөмдөргө болгон 1457071 (бир миллион төрт жүз элүү жети миң жетимиш бир) сомдук карызга батып отурат.
Жакында Кыргыз Республикасынын Эл акыны Анатай Өмүркановдун юбилейлик кечесинде, “Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун имарат ижарасына болгон жогорудагы карыздар кечирилип, мындан сырткары жазуучулар союзу үчүн атайын имарат курулаары жөнүндө” Сиздин атыңыздан Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов жар салганда жазуучулар кубанычтары коюндарына батпай, дүркүрөтө кол чаап, өтө терең ыраазы болушту.
Уматтуу президент.
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармалыгына караштуу “Мамлекеттик имараттар департаменти” мамлекеттик ишканасына 2018–жылдын 31–декабрына карата коммуналдык төлөмдөргө болгон 1457071 (бир миллион төрт жүз элүү жети миң жетимиш бир) сомдук карызды Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунан кечип жиберүү жөнүндө Буйрук чыгарсаңыз.
2. Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзуна имарат курууну 2023-жылдын иш-планына киргизсеңиз жана имараттын долбоорун сызып, сметасын түзүү жөнүндө тишелүү мекемелерге Буйрук берсеңиз.
Алдын ала алкыш айтуу менен жалпы акын-жазуучулар", - деп жазылган кайрылууда.
Булак: NazarNews.kg