www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 105-бер. талабына ылайык, прокуратура органдары мамлекеттик, муниципалдык жана тергөө органдары тарабынан аракеттеги мыйзамдарынын аткарылышын көзөмөл жүргүзүү органы болуп саналат. Ал эми, артыкчылыктуу багыттардын бири болуп, ишкердик субъекттеринин укуктарын коргоо жана экология мыйзамдарынын аткаралышына көзөмөл жүргүзүү болуп келет.
Кыргыз Республикасынын Президентинин 29.01.2021-жылдагы “Менчикти коргоо жана ишкерлер менен инвесторлорду колдоо жөнүндө” жана 04.03.2021-жылдагы “Ишкердик субъекттерин коргоо боюнча кошумча чаралар жөнүндө” Жарлыктарын турмушка ашыруу максатында, жер-жерлерде жеке ишкерлер менен жолугушуулар уюштуру, жеке ишкердик субъекттеринин укуктарын коргоо жана ишкердик ишке тоскоолдук кылуу маселелери талкууланып туруусу, укук коргоо, фискалдык жана контролдоочу органдардын жеке ишкердик ишке тоскоолдук кылуусун алдын-алуу көрөсөтүлгөн.
Бул багытта, Свердлов районунун прокуратурасы тарабынан 2022-жылдын 11 айында ишкердикти коргоо мыйзамдарынын аткарылышы боюнча 3 текшерүү жүргүзүлүп, мыйзам бузуучулукту четтетүү жөнүндө 3 сунуштама келтирилип, кароонун жыйынтыгы менен 7 кызмат адамы тартиптик жоопкерчилике кириптер болушкан.
Мисалы, Бишкек шаарынын Свердлов РИИБнын ТКнын тергөөчүлөрү тарабынан ишкерлердин аракеттерине карата сотко чейинки өндүрүш иштери боюнча Кыргыз Республикасынын “Ишкерлердин укуктарын коргоо жөнүндө” Мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 27.07.2016-жылдагы №417 сандуу токтому менен бекитилген “Ишкердик субъекттерине жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына карата укук коргоо жана салык кызматы органдары тарабынан жүргүзүлүүчү текшерүүлөрдү каттоонун” Убактылуу эрежелеринин талаптыры бузулган, тактап көрсөткөндө, тергөөчүлөр прокуратура органдарына текшерүүнү дайындоо боюнча каттоодон өткөрбөй, тергөө амалдарын жүргүзүшкөнү аныкталган.
Бул факты боюнча прокурордук чара көрүү актысынын негизинде, Бишкек шаарынын Свердлов РИИБнын ТКнын тиешелүү кызматкери “Катуу сөгүш” тартиптик жоопкерчиликке тартылган.
Райондук прокуратура тарабынан Бишкек шаарынын Свердлов райондук прокуратурасынын ишкердик субъекттерин колдоо боюнча ишеним телефону уюштурулган: телефон: 0 (312) 62-20-00.
Экология мыйзамдары боюнча
2022-жылдын 11 айына карата райондук прокуратура тарабынан 7 текшерүү жүргүзүлүп, 11 мыйзам бузуу аныкталган. Жыйынтыгы менен райондук прокуратура тарабынан мыйзам бузуучулукту четтетүү максатында 6 талап жана 1 сунуштама келтирилген.
Айлана-чөйрөнү коргоо максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан 05.01.2021-жылы "Бишкек шаарында жана Чүй облусунун Сокулук, Аламүдүн райондорунда 2021-2023-жылдарга экологиялык кырдаалды жакшыртуу боюнча комплекстүү чаралардын планы" (мындан ары-План) бекитилген.
Аталган Планга ылайык, Бишкек шаарынын мэриясына жана анын түзүмдүк бөлүмдөрүнө айлана-чөйрөгө зыяндуу таасирди азайтууга багытталган иш-чараларды жүргүзүү жагы жүктөлгөн.
Бирок, жооптуу кызмат адамдар тарабынан жогоруда көрсөтүлгөн Планды тийиштүү деңгээлде иш аракеттер жүргүзүлбөй келүүдө.
Мисалы, "Репортер" интернет-порталында, 10.09.2022-жылы "Курган көчөсү боюнча таштандылар алынбайт", "Мадина базарынын жанындагы таштанды тоо болуп баратат”, 07.09.2022-жылы "Аламедин-1де таштанды эмне үчүн тазаланбайт?" деген макалалар жарыяланган. Бул көрүнүш Бишкек шаарынын тургундары тарабынан негиздүү нааразычылыкка алып келет, анткени бул багытта ишти уюштуруу үчүн жергиликтүү бюджеттен тийиштүү акча каражаттары бөлүнүп келген.
Белгилеп кетсек, жогорудагы көрүнүштөрдү болтурбоо үчүн райондук прокуратура текшерүүнү уюштуруп, анын жыйынтыгы менен 15.08.2022-жылы Бишкек шаарынын мэриясынын "Тазалык" МИнин дарегине мыйзам бузуучулуктарды четтетүү жөнүндө талап келтирилген.
Бирок, ыйгарым укуктуу органдын жооптуу кызматкерлери мыйзам бузуучулукту реалдуу түрдө жана белгиленген тартипте жоюу боюнча иш-чаралар көрүлбөй келгендигинин себебинен, интернет булактарына шаардын тургундарынын арасында нааразычылыктар орун алып келген.
Ушундан улам, райондук прокуратура тарабынан 15.09.2022-жылы Бишкек шаарынын мэриясына мыйзам бузууларды четтетүү жөнүндө сунуштама киргизилип, кароонун жыйынтыгы менен 1 кызмат адамы тартиптик жоопекерчилиеке кириптер болгон.
Жогорудагы багыттар боюнча райондук прокуратурасы тарабынан мындан ары да үзгүлтүксүз иш-аракеттер жүргүзүлө бермекчи.
Свердлов районунун прокуратурасы