www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президенттин жарлыгына карата маркум менен акыркы коштошуу жана кыз узаттуу тоюу боюнча жобого сунуштар:

«Ашкере ысырапкорчулукту тыйгыла!» деген – бул Конституцияны, мыйзамдарды буз же салтты тебелеп: «маркумдун зыйнатын кылба, өкүрбө, кошок кошпо, казанагы менен кыргызча көр казбай төрт бурчтук чуңкур казып сөөктү дароо алып барып көм!» деп динге жамынып, кыргызды арабдаштыруу эмес!

«Ашкере ысырапкорчулукту тыйгыла!» деген – бул киши өлгөн жерде социалдык жактан орто же жарды жашаган элге бой көтөрбөгүлө, мактанбагыла, маркум менен коштошууда аза күтүүнүн ордуна салтанат кылбагыла, тойго айландырбагыла!» дегендик!

Жарлыкты аткаруу үчүн айылдык администрациялар (бийлик башчылары) өлгөн адамдын социалдык абалын иликтеп, маркумдун жакын туугандары, аксакалдар, байбичелер, мугалимдер, көчө башчылары менен акылдашып кеңешип, чогуу төмөндөгүдөй иш жүргүзсө жалпы эл колдоп, массага сиңери бышык:

- каза тапкан киши (аял-эркек) менен акыркы ирет коштошууга 250 адамдан ашык келсе, карым-катышы көп болуп чыгымга учурабай турган болсо, 1 кой, 1 жылкы;

- 500 адамдан ашык киши келип, чыгымга учурабай турган болсо 1 жылкы 2 кой;

- 100 адамдын тегерегинде болсо 1 торпок;

- 50-60 адам болсо 2 кой

- 50 адамга чейин болсо 1 кой

- киши өлгөн жерде дасторконго түрдүү татымалдарды, жер жемиштерди, конфет-печеньелерди, салаттарды ж.б. азык-түлүктөрдү жайнатканга тыю салуу;

Кыз узатуу тоюн өткөрүүдө:

«Тойдо ашкере ысырапкорчулукту тыйгыла!» деген Жарлык боюнча:

- социалдык абалына карабай карызга батканды;

- кафелерде арабча бийлетип, жаш-карыны, аял-эркекти ыңгайсыз абалга калтырып, уялтып салтты бузганды;

-ддд тамадалардын салтты бузуп, маданиятсыздык кылып, тойго келгендерди алек-чалек кылып, элди ыңгайсыз абалга калтырып, ар кандай оюн-зоокторду уюштура берген жаман адаттарын;

- кыз узатканда «түштөнүү» деген салтты бузган жаман адатты:

- салтта жок болсо да жол эрежесин бузуп элдин тынчын алып, жайнаган автомашиналарды айдатып, аза күткөнсүп пипилдетип кутурган жаман адатты;

- үйлөнүп жаткан жигит кийин кемсинип кала турган, эриш-аркак жашоонун ордуна, келин кийин эрине бой көтөрткөн жаман адат кыздын ата-энеси тарабынан үй же автомашина белек кылууну;

- тамадалардын туугандарды ж.б. катар-катар чакырып, «конверт» тапшыргыла, минткиле, анткиле!» дей бере турган ашкере кетүүсүн:

-тойго жайнаган «себеттерди» алып келүүнү;

-такыр кийилбей, улам алмаштыра берген «айылчы кийиттерди» токтотууну;

- кафе-ресторандагы тойлорду үч сааттан ашырбоону.

Жарлыкты аткаруу боюнча ар бир мекенчил жаран жобого карата өз сунуштарын айтып жазуу зарылчылыгы пайда болду!

Антпей эле молдолор: «президент туура кылды!» деп Жарлыкты бурмалап, элди бөлүп-жарып козута берсе, салтты кармангандар; «президентти туура эмес жарлык чыгарды!» деп нааразы болуп, сөгө берсе айлабыз кандай болот?!

Азыр Жарлыктын иштөө механизмин – жобо иштелип чыккыча жумушчу топко карата сунуштарды берүү учурдун талабы. Антпесек, ынтымак кетип, кыргыз өлкөсү руханий кризиске кептелбейби?!

Абдымамбет Сариев, жазуучу

Булак: NazarNews.kg

Последние новости