www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясында залкар акын, көп кырдуу талант Ашыраалы Айталиевдн 95 жылдыгына карата республикалык айтыш өткөрүлүп, ага эң мыкты деп табылган 12 акын катышты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Жогорку Кеңештин Төрагасы Талант Мамытов акындарды куттуктап, айтышта жеңишке жетишкен  Кыргыз Эл артисти Амантай Кутманаливге атайын диплом жана 200 миң өлчөмүндөгү баш байгени тапшырды.

Белгилей кетсек, ак таңдай акын Ашыраалы Айталиевдин «Нарындан жазган салам кат», «Жылкычынын ыры», «Ак шоокум» аттуу белгилүү ырлары элибиздин сүйүктүү чыгармаларына айланып, боордош казак элинде да ырдалып келет.

Төрага Талант Мамытов салтанатта сүйлөгөн сөзүндө улуу акын коомдук-маданий иштерге жигердүү катышып, кыргыз маданиятын дүйнөгө таанытууда зор эмгек жумшаганын баса белгиледи. Муну менен катар «Айтыш» фондусун түптөөдө да негизги ролду ойноп, көптөгөн шакирттерди тарбиялаганын кошумчалады.

«Бүгүнкү айтышта улуу өнөрүбүз даңкталып, кыргыз маданияты даңазалансын! Жергебизде ырлар гана жаңырып, элибизде бакубатчылык өкүм сүрсүн», - деп сөзүн жыйынтыктады төрага.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости