www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

26-октябрда Баткен облусунда Абдыкадыр Орозбековдун 130 жылдыгы белгиленет. Мааракенин алкагында, А.Орозбеков тууралуу даректүү тасма даярдалып, илимий-практикалык конференция өткөрүү, театрлаштырылган сахнада оюн көрсөтүү, концерттик программа жана спорттук иш-чараларды өткөрүү пландалууда.

Маалым болгондой, А.Орозбековдун 130 жылдык иш чарасын уюштуруу жана өткөрүү планына ылайык, облуста А.Жалилов атындагы көчөгө асфальт төшөлүп, А.Орозбеков атындагы музейдин тегереги көрктөндүрүлдү. Ага байланыштуу, Кадамжай шаарындагы А.Орозбеков атындагы көчөнүн тротуары жана борбордук стадиону оңдолду.

Эске салсак, Абдыкадыр Орозбеков - Кыргызстандын совет доорундагы ири мамлекеттик ишмери, кыргыз совет мамлекетин негиздөөчүлөрдүн бири болгон. 1927-жылы Пишпекте өткөн Кыргыз АССРинин 1-курултайында Кыргыз АССРинин борбордук аткаруу комитетинин төрагасы болуп шайланган. А.Орозбековдун иш аракети менен Кыргызстан автономдук статусуна ээ болуп, кийинчерээк союздук республикага айланган.

Ал 1889-жылы Фергана облусунун Маргалаң уезиндеги (азыркы Баткен облусуна караштуу Кадамжай районунда) Охна айылында жакыр үй-бүлөдө жарык дүйнөгө келген. Ал кыргыз тилинен башка өзбек, орус жана тажик тилдеринде сүйлөгөн.

Өзүнүн ишмердүүлүгүн 1916-жылы падыша тарабынан кысым болуп, улуттук боштондук аракеттери башталган маалда Фергана өрөөнүндө революциялык кыймылдарда баштаган. 1918-жылы большевиктер партиясына мүчө болуп, Кызыл Армиянын катарына кошулат. Орус падышалыгы кулап, Совет бийлиги орноп баштаган мезгилде басмачыларга каршы күрөштөргө жигердүү катышып, жаңы замандын келүүсү үчүн болгон күчүн жумшаган. Кызыл Армияда 1918-1920-жылдары кызмат өтөгөн. Ушул эле учурда катардагы жоокерден куралдуу топтун командирлигине чейин көтөрүлөт.

1937-жылдын аяк ченинде кандуу репрессия заманы башталып, кыргыздын мыкты делген залкар инсандары биринин артынан бири кетип кайра кайрылбай баштаганда бул кыргынга Абдыкадыр Орозбеков да кабылган. Ал “Туран” улуттук партиянын мүчөсү деген жалган айып менен камалып, атууга өкүм кылынып, 1938-жылы атууга кеткен. Абдыкадыр Орозбеков каза болгондон 18 жылдан кийин, 1956-жылы акталган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости